Президент курулуш компанияларынын ишинде тартипти камсыздоону тапшырды

Президент курулуш компанияларынын ишинде тартипти камсыздоону тапшырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 23-январда өлкөнүн ири курулуш компанияларынын өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдар жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда куруучулардын жарандар алдындагы милдеттенмелерин аткаруусу, ошондой эле курулуш тармагындагы ченемдик-укуктук базадагы карама-каршылыктар жана аны өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге тиешелүү тапшырмаларды берди. Президент курулуш компанияларынын ак ниеттүүлүк менен, ачык-айкын иш алып баруусуна өзгөчө көңүл буруп, жарандардын укуктарынын бузулушуна жол берилбеши керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле, айрым компаниялардын мыйзам бузууларга жол берген учурлары айтылып, мындай көрүнүштөргө катуу чара көрүлөрү эскертилди.

Жыйынтыгында Президент келип чыккан маселелерди өз убагында чечүү үчүн курулуш тармагындагы мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бишкек мэри шаардагы ири курулуш объектилерин текшерди

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге бир катар инфраструктуралык жана курулуш объектилерин текшерди. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти. Алгач Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги участок каралды. Бул жерде транспорттук жол түйүнүн куруу пландалууда. Тиешелүү кызматтарга даярдык иштерин баштоо тапшырылды. Андан соң Бакаев

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда 3 млн сом салык карызы өндүрүлдү

Чоң-Алай районунда салык карызы боюнча ири суммадагы каражат мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү. Сот аткаруучулар кызматынын маалыматына ылайык, Чоң-Алай райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө жаран А.А.Б.дан Салык кызматынын пайдасына 3 млн сом өндүрүү тууралуу аткаруу баракчасы келип түшкөн. Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жана мыйзамдуу талаптардын негизинде, карызкор аталган

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкекте №95 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин районунун прокуратурасы №95 орто мектепте окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, айрым мугалимдер кошумча сабактар үчүн мамлекет тарабынан белгиленген тарифтен жогору өлчөмдө акча алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин балдардын акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуу боюнча Жарлыгынын талаптарын бузушкан.

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкекте Дэн Сяопин көчөсүндө жол оңдоо иштери уланат

Бишкек шаарында 2026-жылдын 13-мартынан тарта Дэн Сяопин проспектисинин түштүк тарабында жолду капиталдык оңдоонун экинчи этабы башталат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ага байланыштуу Кайназарова көчөсүнөн Сыдыгалиев көчөсүнө чейинки тилкеде автотранспорттун кыймылы убактылуу жабылат. Буга чейин оңдоо иштеринин биринчи этабынын алкагында Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган. Белгилей