Президент 2026-жылдын аягына чейин ишкерликти текшерүүгө тыюу салуу жарлыгын чыгарды

Президент 2026-жылдын  аягына чейин ишкерликти текшерүүгө тыюу салуу жарлыгын чыгарды

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизүүнү сунуштаган жарлыгы коомдук талкууга коюлду.
Жарлыкта "ишкердикти жана бизнес-чөйрөнү өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген" жана "экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө өбөлгө түзгөн" көйгөйлөр сакталып жатканы жазылган.


Мамлекет башчы мындай мамилеге даттанган ишкерлер көп кайрылып жатышканын, негизсиз, бири-бирин кайталаган же мыйзамсыз текшерүүлөр болгон учурлар болуп жатканын белгилеген.

Садыр Жапаров ушундан улам бизнеске мамлекеттик органдардын ашыкча жана негизсиз кийлигишүүсүн жоюу үчүн быйыл 31-декабрга чейин бизнести текшерүүгө мораторий киргизүүнү токтом кылды.



Токтомго ылайык, мораторий убагында төмөнкү учурлар боюнча гана текшерүү жүргүзүүгө уруксат берилет:

- кылмыш жана жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында;

- ишкердик субъекттери арызданса;

- башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын суроо-талаптары боюнча;

- жеке жана юридикалык тараптардын кайрылса;

- ишкердик субъекти мыйзам бузганы жөнүндө так маалыматтарды камтыган жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан материалдар боюнча;

- мыйзам бузулганы тууралуу так фактылар болгон учурда документтерди, материалдарды жана башка ырастоочу маалыматтарды тиркөө менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын суроо-талабы боюнча;

- бажы жана салык кызматтарынын тийиштүү көзөмөл жүргүзүүсүнө.

Мораторий учурунда мамлекеттик көзөмөл органдары мыйзамдарды сактоого, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө милдеттендирилген. Андан тышкары мыйзамсыз иштерди табууга жана болтурбоого багытталган консультация берүүсү тийиш. Ал эми ишкерлер аларга маалыматтарды, документтерди же түшүндүрмө берип, мониторинг жана консультацияларды жүргүзүүсүнө көмөктөшүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда 1,7 млрд сомдон ашык каражатка жолдор курулуп, оңдолууда

Токтогул районунда республикалык бюджеттин эсебинен жалпы наркы 1 млрд 764,8 млн сомду түзгөн төрт автомобиль жолун куруу жана оңдоо долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун 24-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарында маалымдалды. Маалыматка ылайык, эң ири долбоор - узундугу 53 чакырымды түзгөн Токтогул - Беш-Таш автомобиль

Ишкер Media
Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

Бишкекте 334 түп дарак отургузулду

24-октябрында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда Саманчин көчөсүндө күзгү бак отургузуу акциясы өттү. 50 түп эмен тигилди. Бул туууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, дагы 50 түп эмен 12-кичи райондо отургузулду. Көчөттөрдү Mastercard, "Элдик Банк" жана Beeline Кыргызстан камсыздады. Жалпысынан күзгү өнөктүктө борбордо 334 түп эмен,

Ишкер Media
Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети беш жылда 2,5 эсеге өстү

Чаткал районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 297 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 746 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-

Ишкер Media
Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

Транспорт министрлиги КМТУ жана №97 лицей менен меморандум түздү

23-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, И. Раззаков атындагы КМТУ жана Темир жолчулардын №97 кесиптик лицейи кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, документ транспорт тармагына квалификациялуу кадр даярдоону, практикалык багытты күчөтүүнү көздөйт. Кол койгондор: министрдин орун басары Кубанычбек Турганбаев, КМТУ ректору Мирлан Чыныбаев

Ишкер Media