Садыр Жапаров Чанпэн Чжаону Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды

Садыр Жапаров Чанпэн Чжаону Ысык-Көлдүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 7-февралда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Binance ири эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен жолугуп, аймактын туристтик потенциалын тааныштырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Каракол” тоо лыжа базасынын инфраструктурасы менен таанышып, анын өнүгүү келечегин биргелешип карап чыгышты. Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунда тоо лыжа кластерлерин өнүктүрүү эл аралык туризмди тартуудагы стратегиялык артыкчылык экенин белгиледи. Ошондой эле учурда “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа кластеринин курулушу уланып жатканын маалымдады.

Садыр Жапаров менен Чанпэн Чжао комплекс жайгашкан аймактын тоолордун кооз панорамасы көрүнгөн эң бийик чекиттеринин бирине чыгышты. Binance компаниясынын негиздөөчүсү калың карды, жаратылыш шарттарын жана тейлөө деңгээлин жогору баалап, Ысык-Көлдөгү курорттордун алдыңкы европалык тоо лыжа борборлору менен атаандашууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.

Жолугушуу чай ичүү менен аяктап, анда тараптар инфраструктуралык долбоорлор жана аймакты өнүктүрүү маселелерин бейформал шартта талкуулоону улантышты.

Мындан тышкары окуңуз

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Оштогу мурдагы “Турбаза” муниципалдык баланска кайтарылат

Ош шаарынын Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мурдагы “Турбаза” объектисин мэриянын балансына кайтаруу иштери башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейддик кыдыруу учурунда билдирди. Шаар башчысы имараттын учурдагы абалы канааттандырарлык эмес экенин белгилеп, объектти шаардык баланска өткөрүү жана толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү

Балалуу аялдар жана майыптыгы бар жарандар үчүн социалдык колдоо күчөтүлөт

Балалуу аялдар жана майыптыгы бар жарандар үчүн социалдык колдоо күчөтүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясынын жыйынында балалуу аялдарды, майыптыгы бар адамдарды жана оор турмуштук кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда экенин маалымдады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Анын айтымында, бийик тоолуу, алыскы жана чек ара аймактарында жашаган

ИИМ Ошто “Эмаком” компаниясынан жабыр тарткандар менен жолугушуу өткөрдү

ИИМ Ошто “Эмаком” компаниясынан жабыр тарткандар менен жолугушуу өткөрдү

Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгында “Эмаком” курулуш компаниясынан жабыр тарткан жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Иш-чарага Ош ШИИБдин башчысы Дамир Исаков, тийиштүү кызматкерлер, компаниянын мурдагы директору Э.Р. Жусупов жана 80ден ашуун жабыр тарткан жарандар катышты.

Жалал-Абадда Жер мунапысын бекитүү боюнча тапшырмалар берилди

Жалал-Абадда Жер мунапысын бекитүү боюнча тапшырмалар берилди

Күн мурун Жалал-Абад облусунун прокуратурасында областтык прокурордун төрагалыгы алдында жер мунапысын бекитүү боюнча иштерди жөнгө салууга арналган кеңешме өткөрүлдү. Иш-чара Президенттин 2025-жылдын 15-декабрындагы Жарлыгы №364тү ишке ашыруу маселелерине арналган. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынан билдиришти. Кеңешмеге райондук администрациялардын башчылары, шаар мэрлери, ички иштер органдарынын жетекчилери жана жер мунапысын жүргүзүү боюнча комиссиялардын