Балдарына мыйзамсыз пособие алган кыргызстандык жазаланды

Балдарына мыйзамсыз пособие алган кыргызстандык жазаланды

Сот Кыргызстанда туулган аялды Воркута шаарында мыйзамсыз алынган балдар жөлөк пулун мамлекеттик бюджетке кайтарып берүүгө милдеттендирди. Ал төрт жыл бою балдары үчүн "түндүк" коэффициенти менен эсептелген жөлөк пулдарды алып келген, бирок өзү туруктуу түрдө Москва облусунда жашап турганын Коми Республикасынын прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Воркута шаардык соту Кыргызстандын 36 жаштагы жаранын төлөмдөрдү алууда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка күнөөлүү деп тапты.

Иштин материалдарынан белгилүү болгондой, аял 2022-жылдан 2025-жылга чейин Коми Республикасы боюнча Пенсиялык жана социалдык камсыздандыруу фондунун бөлүмүнө төрт жашы жете элек баласына ай сайын берилүүчү жөлөк пулдарды дайындоо тууралуу бир нече жолу арыз менен кайрылган.

Ошол эле учурда ал жашаган жери катары Воркута шаарын көрсөткөн, бирок чындыгында балдары менен бирге Москва облусунда туруктуу жашап турган. Натыйжада ал мамлекеттик бюджеттен 1,4 миллион рублдан ашык каражатты мыйзамсыз алган.

Аял өз күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыяндын бир бөлүгүн кайтарып берген. Сот ага үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу жазасын, үч жылдык сыноо мөөнөтү менен дайындады. Ошондой эле сот прокуратуранын доосун канааттандырып, кыргызстандык аялдан Россия Федерациясынын пайдасына калган зыяндын суммасы — 1,2 млн рубль өндүрүп алууну чечти. Өкүм азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"