Кыргызстанда климатологдор даярдалышы керек
МинКаб 2025–2030-жылдарга карата климаттык билим берүү жана агартууну өнүктүрүү программасын, ошондой эле аны ишке ашыруу үчүн зарыл болгон иш-чаралар планын жана индикаторлор матрицасын бекитүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документ билим берүү жана коомдук бардык деңгээлдерде климаттык агартуунун бирдиктүү, туруктуу жана инклюзивдүү тутумун түзүүгө багытталган.
Негиздеме-маалымкатта Кыргызстан Борбор Азиядагы климаттык коркунучтарга эң аярлуу өлкөлөрдүн катарына кирери белгиленет. Муздардын эриши, тоолуу экосистемалардын деградациясы, суу тартыштыгы жана табигый коркунучтардын көбөйүшү экономиканын туруктуулугуна жана калктын жашоосуна түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Мындай шартта мамлекетке климаттык билимди өнүктүрүү боюнча системалуу ыкма зарыл экени айтылат.
Программа климаттык билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясатты бекемдеп, өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин — Париж келишимин, БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясын жана Туруктуу өнүгүү максаттарын эске алат. Анда адистерди даярдоонун, жаштардын, мамлекеттик кызматкерлердин жана педагогдордун климаттык сабаттуулугун жогорулатуунун, ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жана санариптик инструменттерди өнүктүрүүнүн зарылдыгы баса белгиленет.
Айрыкча климаттык билим берүүнүн калктын бардык катмарлары үчүн жеткиликтүүлүгүнө көңүл бурулуп, гендердик сезимталдыкты сактоо, балдар менен жаштардын экологиялык демилгелерге активдүү катышуусу маанилүү деп көрсөтүлөт.