А.Навои паркында 2 миң көчөт отургузулат
Ош шаарында А.Навои атындагы паркына 2 миңге жакын көчөт отургузулуп жатканын муниципалитеттен билдиришти.
Көчөттөрдүн ичинде ясень, кара жыгач, катальпа жана жашыл жалбырактуу клен дарактары бар.
Белгилей кетсек, буга чейин шаар башчысынын тапшырмасы менен аталган парктагы бир катар соода-сатык күркөлөрү жана эскилиги жеткен имараттар алынып салынып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында тазаланган.