Быйыл 20-марттан 10-апрелге чейин айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт
Кыргызстанда 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин айыл чарбасын каттоо жүргүзүлөт. Каттоонун мөөнөтүн ушул мөөнөткө жылдыруу чечими маалыматтарды сапаттуу жана ишенимдүү чогултуу максатында 2025-жылдын аягында министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган.
Улуттук статкомдун өкүлдөрүнүн айтымында, айыл чарба каттоосу өлкөнүн айыл чарбасынын абалы жана түзүмү тууралуу толук, объективдүү жана актуалдуу маалымат алууга багытталган масштабдуу жалпы улуттук статистикалык иш-чара болуп саналат. Каттоонун негизги максаты — натыйжалуу мамлекеттик саясатты жана агрардык секторду колдоо программаларын иштеп чыгуу үчүн ишенимдүү статистикалык базаны түзүү. Чогултулган маалыматтар азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү үчүн негизги курал болуп калат.
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев белгилегендей, айыл чарба каттоосу 10 жылда бир жолу өткөрүлөт. Акыркы жолу ал 2003-жылы өткөрүлгөн, ошондуктан боло турган каттоо тармактын абалы тууралуу актуалдуу маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет. Иш-чара аяктагандан кийин жыйынтыктар Улуттук статистика комитетинин сайтында жарыяланат.
Өз кезегинде комитеттин статистикалык каттоо жана геомаалыматтык системалар бөлүмүнүн башкы адиси Бактыбек Орозбаев даярдык иштеринин алкагында республикалык жана райондук комиссиялар түзүлгөнүн белгиледи.
"Айыл чарба каттоосу электрондук форматта өткөрүлөт. Республикалык комиссия тарабынан каттоодон өткөрүүчү төрт форма бекитилди: айыл аймактары, мамлекеттик фермердик чарбалар, жеке көмөкчү жана дыйкан-фермердик чарбалар, ошондой эле багбанчылык участоктору", - деди ал.