Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасы эл аралык конгрессте сунушталды

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасы эл аралык конгрессте сунушталды

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Москвага болгон жумушчу сапарынын алкагында Россия Федерациясынын Президентинин алдындагы Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясы тарабынан уюштурулган биринчи Эл аралык мамлекеттик башкаруу конгрессинин ишине катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Президентинин Администрациясынын жетекчилери, Москва шаарынын мэри, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Данияр Амангельдиев өз сөзүндө мамлекеттерди кесиптик мамлекеттик кызматтын артыкчылыктары, стратегиялык пландоо, санариптештирүү жана натыйжага багыт алуу принциптери бириктирип турганын белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мыкты эл аралык тажрыйбаларды киргизип, ачыктыкты жана коом менен кайтарым байланыш механизмдерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда деп кошумчалады.

Конгресстин алкагында министр Президенттик академиянын ректору Алексей Комиссаров менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, кадрларды даярдоо жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жаатындагы кызматташуу маселелерин, анын ичинде жетекчилер үчүн билим берүү программаларын талкуулады.

Мындан тышкары окуңуз

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Кыргызстан менен Жибек жолу фонду инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Медербек Туманов Жибек жолу фондунун аткаруучу вице-президенти Сы Синьбо менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жыйынга ошондой эле "Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Эмиль Такырбашев катышты. Жолугушууда тараптар өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулашты. Өзгөчө гидроэнергетика,

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Ишкер Абдыкеримов "Томми мол" соода борбору боюнча президентке кайрылды

Бир нече жылдан бери чет өлкөдө жашап келе жаткан ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 28-мартта жарыялаган кайрылуусунда мурда "Аю Гранд Комфорт" жана "Томми мол" деген эки соода борборунун ээси болгонун, кийин алардын бири - "Аю Гранд Комфортту"