УКМКнын мурдагы төрагасы К.Ташиев элге билдирүү кылды
Германияда дарыланып жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев элге кайрылуу жасап, президенттин чечимин аткарууга милдеттүү экенин билдирди.
“Президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эл-журтубуз, президентибиздин алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанам”, - деди ал.
Ошондой эле Камчыбек Ташиев УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.
Мындан тышкары, ал өлкөдө тынчтык, туруктуулук болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек экенин жана ар бир аракет мыйзам чегинде болушу зарылдыгын белгиледи.