Нурланбек Тургунбек уулу ЖКнын төрагасы кызматынан кетти
Бүгүн ЖКнын спикери Нурланбек Тургунбек уулу ээлеген кызматынан өз каалоосу менен кетип жаткандыгын ЖКтин отурумунда жарыялады.
“Бүгүн ЖКнын төрагасы кызматынан өз эрким менен кетүүгө чечим кабыл алдым. Бул менин жеке чечимим. Мага эч ким басым - кысым көрсөткөн жок. Мен андайга жол да бербейм. Өлкөдө стаилдүүлүк болуш керек, Президент Садыр Жапаров баштаган саясий туруктуулук болуш керек, ушул максатты көздөп, мамлекетчилидик сезимим менен мен ушундай чечимди кабыл алып олтурам. Менин чечимимди колдоп беүүңүздөрдү суранам” – деп билдирди, Нурланбек Тургунбек уулу.
Анын айтымында, ал мындан ары 8-чи чакырылыштагы ЖКнын депутаттарынын катарында кызмат кылуусун уланта берет.