Жогорку Кеңештин эки депутаттык тобу спикерликке Марлен Маматалиевди көрсөтүштү

Жогорку Кеңештин эки депутаттык тобу спикерликке Марлен Маматалиевди көрсөтүштү

Жогорку Кеңештин “Элдик” жана “Ала-Тоо” депутаттык топтору парламент төрагасы кызматына талапкер катары депутат Марлен Маматалиевди көрсөткөнүн вице-спикер Чыңгыз Ажибаев парламент жыйында билдирди.

Ал депутаттык топтордун чечимин тиешелүү комитетке өткөрүп берүүнү тапшырды. 

44 жаштагы Марлен Маматалиев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин уулу.

Эмгек жолун Социалдык фонддон баштап, кийин Экономика, Финансы министрликтеринде иштеген. 2009-2010-жылдары ал кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болгон.

Кийин өкмөттө иштеп, жеке ишкерлик менен алектенген. 2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика - Ата Журт” партиясынан депутат болгон. 2020-жылкы чуулгандуу парламенттик шайлоого бийликчил “Мекеним Кыргызстан” партиясынан катышкан. 2021-жылдагы “Ынтымак” партиясын Жогорку Кеңешке баштап барып, мандатка ээ болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Унаа бизнеси боюнча инвестициялык кызматташуу талкууланды

Бүгүн Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров A—CAR (ОсОО "Чуань И") компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар унаа бизнеси тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын аймагына жаңы кытай автоунааларын жеткирүү жана сатуу, ошондой эле

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

ИИМ: Кыргызстанда 14 миңден ашуун таксист лицензия алды

Жарандардын кайрылууларын эске алуу менен такси ишин лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин 14 миңден ашуун жеке жак жана 400дөн ашуун юридикалык жак лицензия алышкан. Ошол эле учурда лицензия алуу боюнча кайрылгандардын саны акыркы убактарда азайганы байкалууда. Ушуга

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

Ала-Тоо резорт аймагындагы 2 жана 4 жылдыздуу мейманкалар тилкелери сатылды

“Жыргалаң” курортун куруу боюнча жер тилкелеринин аукционунун экинчи этабынын биринчи күнү жыйынтыкталганын “Ала-Тоо Резорт” ААКтын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максүтов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 8-апрелде өткөн аукциондо жалпы 6 лот сатылды. “Жалпысынан аукционго 12 лот коюлуп, алардын алтоосу сатылды. Тактап айтканда, 2 төрт жылдыздуу мейманкана жана 4 эки жылдыздуу мейманкананын жер

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

12 жылдык билим берүүгө багытталган окуу китептери басылып чыкты

Билим берүү министрлиги 5-класстар үчүн "Табигый илимдер" аттуу жаңы предмет боюнча окуу китептери басылып чыкканын билдирди. "Учкун" басмаканасында жалпысынан 153 180 даана китеп чыгарылган. Анын ичинен: * 87 150 даана — кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн; * 66 030 даана — орус тилинде окуган мектептер үчүн. Китептер өлкөнүн бардык аймактарындагы