УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Кыргызстанга кайтып келди
Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары жана УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн таң эрте Кыргызстанга кайтып келгенин социалдык тармактарда журналист Айбек Бийбосунов билдирди.
Маалыматтарга караганда, саясатчы Манас эл аралык аэропортуна келип түшкөн. Ал дароо унаага отуруп кетип калгандыктан, журналисттер ага суроо узатууга жетишкен эмес.
Буга чейин Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов саясатчынын дарылануусу толук аяктай элек болгонуна карабастан, мекенине кайтуу чечими кабыл алынганын билдирген.