Адылбек Касымалиев "Digital Qazaqstan – 2026" форумуна катышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон жумуш сапарынын алкагында "Digital Qazaqstan – 2026" эл аралык санарип форумуна катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Форумдун алкагында делегация башчылары санарип технологиялардын көргөзмөсү менен таанышып, жарандардын жашоосун жеңилдетүүгө жана экологияны коргоого багытталган долбоорлор сунушталды.
Пленардык жыйында сөз сүйлөгөн Касымалиев технологиялар адам жашоосун тез өзгөртүп жатканын белгилеп, Кыргызстанда IT тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты. Анын айтымында, Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин экспорттук үлүшү ИДПнын 1 пайызын түзөт. 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 3 пайызга жеткирүү максатталууда.
Ошондой эле республикада Жасалма интеллект боюнча улуттук кеңеш түзүлүп, санариптик багыттагы иштер активдүү жүргүзүлүп жатканы айтылды.
Жыйында жасалма интеллект, кибер коопсуздук, крипто экономика жана билим берүү сыяктуу актуалдуу темалар талкууланды.
Форумга мамлекеттик органдардын, бизнес чөйрөсүнүн, IT-компаниялардын жана эл аралык эксперттердин өкүлдөрү катышты.





