Кыргызстан Euronews менен кызматташат

Кыргызстан Euronews менен кызматташат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев “Euronews” телеканалынын президенти Педро Варгас Давид менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүү жана Кыргызстан тууралуу маалыматты эл аралык деңгээлде жайылтуу маселелери талкууланды.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан учурда динамикалык өнүгүү жолунда болуп, эл аралык коомчулук менен ачык диалогду бекемдөөгө умтулууда. Ошондой эле өлкөдө өтө турган ири иш-чараларды, анын ичинде ШКУ жыйынын жана 2026-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк медиа аркылуу чагылдыруу маанилүү экени айтылды.

Өз кезегинде Педро Варгас Давид Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, өлкөнүн жетишкендиктерин дүйнөлүк аудиторияга жеткирүүгө даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

Ошто масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү

“Дүйнөлүк акча жумалыгы – 2026” иш чарасынын алкагында, ОшМУда масштабдуу финансылык жарманке болуп өттү. Ишчарага Улуттук банк ЕККУ, ИИМ, Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, финансы секторунун өкүлдөрү менен биргеликте студенттер, окуучулар жана шаар тургундарынан турган 500дөн ашуун киши катышты. Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнөн кабарлагандай, жарманкенин жүрүшүндө финансылык сабаттуулук

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Фучиктеги авариялык үйлөр: тургундарга эки вариант сунушталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы №18, 20 жана 22-үйлөрдүн тургундары менен кайрадан жолукту. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жолугушууда шаар башчысы турак жай маселеси боюнча акыркы чечимди тургундар өз ара макулдашып кабыл алышы керектигин белгиледи. "Сиздер алгач өз ара кеңешип, батирлерди МИК аркылуу алууну каалайсыздарбы же үйлөрдү

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" аэропортунун жанында заманбап мечит курулат

"Манас" эл аралык аэропортунун аймагында 200-300 адамды батыра алган заманбап мечит куруу пландалууда. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул маселе муфтий Абдулазиз Закиров менен "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун жолугушуусунда айтылды. Анда мечиттин курулуш долбоору, курулуш графиги, имараттын архитектуралык өзгөчөлүктөрү жана шарттары кеңири талкууланды.

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Ошто баалар көзөмөлдө: күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү базарларда жана соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын (КММ) баасына күн сайын мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Бул иштер Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө. Мониторингдин