ТМУнун алкагында кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү каралды
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жана вице-президенттери менен биргеликте Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмунун өкмөт башчыларынын экинчи жыйынынын алкагында өттү.
Адылбек Касымалиев жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан Азербайжан менен бир туугандык жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди жогору баалай турганын айтты.
Анын айтымында, бул жолугушуу Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган. Ал соода, транспорт жана логистика тармактарындагы биргелешкен долбоорлор өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.


