Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды

Алмазбек Акматов Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-пунктуна, 71-беренесине ылайык Акматов Алмазбек Шаршембиевич Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды.   

Эске салсак, кече 8-апрелде ЖК тарабынан Эсептөө палатасынын буга чейинки 6 аудити ээлеген кызмат ордуларынан бошотулуп, алардын саны 3 кишиге кыскаруу менен -  Алмазбек Акматов, Зарылбек Сатаев жана Алимжан Байгазаковдор бир добуштан аудит болуп шайланышкан.

Алмазбек Акматов буга чейин 2021-жылдын апрелинен 2026-жылдын апрелине чейин Эсептөө палатасынын башчысы кызматын аркалап келген жана экинчи ирет дайындалып олтурат.

Мындан тышкары окуңуз

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

А. Касымалиев бюрократияны азайтуу боюнча жаңы тапшырмаларды берди

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруу системасын жөнөкөйлөтүү жана бюрократияны кыскартуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында мурда кабыл алынган чаралардын аткарылышы каралып, бир катар тармактарда административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча иштер талкууланды. Касымалиев башкаруу процесстерин санарипке өткөрүү,

ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро бөлөт

ЕРӨБ Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро бөлөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын энергетика тармагын жакшыртууга багытталган долбоор үчүн 67,7 млн евро бөлөт. Жогорку Кеңеш 9-апрелде “Кемин” подстанциясы менен жаңы “Балыкчы” подстанциясынын ортосунда 500 кВ электр линиясын курууга байланыштуу макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Кредиттик жана гранттык макулдашууга “Кыргызстан улуттук электр тармагы” менен

Интерпол алдамчылык кылып издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады

Интерпол алдамчылык кылып издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады

Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган үч кыргызстандык жаран кармалганын ИИМ 9-апрелде кабарлады. Шектүүлөрдүн бири - ири өлчөмдөгү уурулукка шектелип жаткан 34 жаштагы С. Д. А. аттуу жаран Сербиядан кармалган. Ал Манас шаарында үйдөн мамлекеттик сыйлыктарды, ири суммадагы акча жана кымбат баалуу компьютерлерди уурдаганы үчүн издөөгө алынганы айтылды. Ал эми

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуртка импорттоону токтотот

Казакстан ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жумуртка импорттоону токтотот

Казакстан жумуртканы бардык өлкөлөрдөн, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринен импорттоону жарым жылга тыюуну пландап жатканын inbusiness.kz Казакстандын Айыл чарба министрлигинин мыйзам долбооруна шилтеме берүү менен маалымдалды. Бийлик жумуртканы жеткирүүгө транспорттун бардык түрүнө карабастан толук тыюу киргизүүнү көздөөдө. Бул демилге ички рынокту колдоо зарылдыгы менен түшүндүрүлүүдө. Казакстандын канаттуулар союзу билдиргендей, 2025-жылдын