БУУ Кыргызстандагы экономикалык реформаларды колдоону улантат

БУУ Кыргызстандагы экономикалык реформаларды колдоону улантат

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өнүгүү боюнча кызматташтыктын 2023–2027-жылдарга каралган алкактык программасын ишке ашыруу боюнча Стратегиялык координациялык комитетинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасындагы БУУнун туруктуу координатору Антье Граве, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана БУУ агенттиктеринин өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы өлкө менен БУУнун ортосунда туруктуу өнүгүү багытында активдүү кызматташтык жүрүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, Алкактык программа Кыргызстан менен БУУнун өз ара аракеттенүүсүндөгү негизги инструменттердин бири болуп саналат.

Адылбек Касымалиев акыркы жылдардагы өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, туруктуу өсүш калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзүп жатканын билдирди.

"Акыркы төрт жылда экономикалык өсүштүн орточо жылдык темпи 10,2%ды түздү. 2025-жылы ИДПнын өсүү темпи 11,1%га жетсе, 2026-жылдын биринчи кварталында экономика 10,1%га өстү. Бул көрсөткүчтөр жаңы жумуш орундарын түзүүгө, эмгек акыларды, пенсияларды жана жөлөк пулдарды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө", — деди ал.

Ошондой эле ал жогорку экономикалык өсүштү сактап калууда эл аралык өнөктөштөрдүн, анын ичинде БУУ системасынын колдоосу маанилүү экенин белгилеп, кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве Стратегиялык координациялык комитет өлкөнүн өнүгүү артыкчылыктарын биргелешип ишке ашырууда маанилүү роль ойной турганын айтты.

"Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанды экономикалык өсүштү калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга, туруктуулукту бекемдөөгө жана аялдар, жаштар менен аялуу катмарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багыттоодо колдоону улантат", — деди Антье Граве.

Жыйындын алкагында Кыргызстандагы БУУ долбоорлорунун учурдагы жыйынтыктары, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган орто мөөнөттүү пландар талкууланды. Иш-чарада мамлекеттик органдардын жана БУУ агенттиктеринин өкүлдөрү тиешелүү баяндамалар менен чыгышты.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media
Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media
Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media