Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Кыргызстан менен Шаньдун провинциясы кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашты

Президентинин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын ККП комитетинин катчысы Линь У менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Кыргызстандын аймактары менен Шаньдун провинциясынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Тараптар транспорттук инфраструктура, энергетика, өнөр жай, айыл чарба жана логистика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.

Бакыт Төрөбаев Кыргызстан инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартууга, ошондой эле Шаньдун провинциясынын ишкер чөйрөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Линь У эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгилеп, Шаньдун провинциясы Кыргызстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аймактар аралык байланыштарды бекемдөөгө жана өз ара пайдалуу долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун соңунда Бакыт Төрөбаев Линь Уга жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, аны Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Токтогул районунда 5 жылда 215 ишкана ачылып, 1576 жумуш орду түзүлдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Токтогул районунун жана Токтогул шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүү пландары менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, Токтогул районунда 2021–2026-жылдар аралыгында 215 жаңы ишкана

Ишкер Media
Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ошто "Жаратман муун" алкагында массалык чуркоо өттү

Ош шаарында Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин "Жаратман муун" демилгеси алкагында чуркоо өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Ош жана Манас шаарларындагы ЖОЖдордон 500дөн ашык студент, окутуучулар, спорт сүйүүчүлөр жана чет элдик студенттер катышты. Жалпы 700 катышуучу болду. Уюштуруучулар белгилегендей, бул жөн

Ишкер Media
Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Күрп-Сай ГЭСин реконструкциялоо иштери башталды

Кыргызстанда Күрп-Сай гидроэлектр станциясын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров 23-октябрда Кара-Көл жана Таш-Көмүр шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, бир жыл мурда Кара-Көл шаарында кубаттуулугу 18 мегаватт болгон жаңы ГЭС ишке киргизилген. Учурда аталган станция электр энергиясын өндүрүүгө салым

Ишкер Media
Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

Кербенде 100 орундуу медициналык борбор жана ипотекалык үйлөр курулат

2027-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында 100 орундуу Жалпы дарыгерлик практика борбору курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Аксы районунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы облуста социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Анын айтымында, аймакта медициналык мекемелерди, мектептерди, бала бакчаларды жана башка социалдык объектилерди куруу

Ишкер Media