Кыргызстан менен Япония экология тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Япония экология тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министр элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Япония айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү жана тоо-кен тармагында Кыргызстандын негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар экология жана климат жаатындагы эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, жаратылыш ресурстарын сактоо, экологиялык коопсуздукту чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, жолугушууда тоо-кен тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулуп, заманбап экологиялык технологияларды жайылтуу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча потенциалды жогорулатуу жана туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруудагы өнөктөштүктү кеңейтүү маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого кызыкдар экенин ырастап, экологиялык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү диалогду жана биргелешкен ишти улантууга даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

“Суу – азык-түлүк – климат”: Измирде аймактык семинар өттү

“Суу – азык-түлүк – климат”: Измирде аймактык семинар өттү

Түркия Республикасынын Измир шаарында “COP31ге карай: “суу – азык-түлүк – климат” өз ара байланышын практикалык ишке ашыруу” аттуу аймактык семинар болуп, ага КРнын  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү катышышты. Аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйынга министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев катышып, өлкөлүк тегерек

Ишкер Media
Кыргызстан менен Болгария пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады

Кыргызстан менен Болгария пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү аяктады

Кыргызстан менен Болгариянын ортосунда пенсиялык камсыздоо боюнча макулдашуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду билдирди. Маалыматка караганда, 2026-жылдын 15–17-сентябрында Бишкекте өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн делегациялары Макулдашуунун жана аны ишке ашырууга байланыштуу Административдик макулдашуунун долбоорлорун талкуулоону аякташты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө: -        макулдашуунун колдонуу чөйрөсү жана

Ишкер Media
Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

Электромобиль алып кирүүчүлөргө эскертүү: Жеңилдетилген квота аяктап баратат

2026-жылга белгиленген электромобилдерди алымсыз алып кирүү квотасы аяктап баратат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады. 2026-жылга Евразия экономикалык бирлигинин ТЭИ ТН коддору 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 боюнча 25 миң электромобилге жеңилдик берилген. Маалыматка ылайык, квотанын калган көлөмү тууралуу маалымат МБКнын customs.kg сайтында

Ишкер Media
Яндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алды

Яндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алды

Яндекс Кыргызстан ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн КРнын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи Ишкерлер күнүнүн урматына карата уюштурулуп, ардак грамотаны КРнын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Яндекс Кыргызстандын GR-директору Азамат Буржуевге тапшырды. Ишкерлерге кайрылган сөзүндө Беназир Нурланова бизнес-сектордун маанилүүлүгүн

Ишкер Media