Башкы прокуратура коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын аткарылышын талкуулады

Башкы прокуратура  коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын аткарылышын талкуулады

Башкы прокуратурада 2025–2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын аткарылышына арналган ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму өттү.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жыйынга Президенттин Администрациясынын, Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин, сот, укук коргоо, көзөмөлдөөчү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө мамлекеттик стратегиянын 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы аткарылышы боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө баа берилди. Ошондой эле айрым иш-чаралардын өз убагында аткарылбай калышынын себептери жана аныкталган кемчиликтер талкууланып, аларды жоюу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү чаралар белгиленди.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы З.К. Акназаров мамлекеттик стратегияда каралган иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүн белгилеп, аны ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жоопкерчилигине өзгөчө көңүл бурду.

Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн коррупциянын алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу, кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу жана ички коррупцияга каршы иштерди уюштуруу боюнча практикалык окутуу өткөрүлдү.

Эске салсак, Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия Президенттин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Жарлыгы менен бекитилген. Аны ишке ашырууну координациялоо Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму жарандарга 2 млн сомдон ашык төлөм берди

Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму Бишкек мэриясы менен биргеликте жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тапшырды. Бул тууралуу уюмдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 17 жаранга ОСАГО, ОСЖ жана ОСГОПП полистери боюнча жалпы 2 млн 157 миң 392 сом төлөндү. Ал эми регион боюнча жалпы төлөм 3 млн 350 миң 425 сомду түздү. Бул каражат жарандардын күтүүсүз

Ишкер Media
Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкекте командалык-штабдык машыгуу өттү

Бишкек шаарынын Октябрь районунда өзгөчө кырдаалдар учурунда аракеттенүү боюнча командалык-штабдык машыгуу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришити. Маалымдалгандай, иш-чара Жарандык коргонуу даярдыгынын планына ылайык уюштурулду. Машыгуунун темасы - аммиак сыяктуу уулуу зат сыртка чыгып кеткенде авариялык-техникалык топтун аракеттери. Машыгууга мэриянын аппарат жетекчиси Руслан Сапарбеков, Октябрь районунун акими Жолдош Чуштуков

Ишкер Media
Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Кыргызстанда асыл тукум мал чарбасы боюнча инвестициялык долбоор талкууланды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу БАЭден келген делегация менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришити. Маалымдалгандай, делегацияны доктор Хумайд Аль Кааби жетектеди. Жолугушууда Кыргызстанда заманбап асыл тукум мал чарбасын түзүү боюнча инвестициялык долбоор талкууланды. Министрлик Кыргызстанда кең жайыттар, ыңгайлуу климат

Ишкер Media
Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ноокатта 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернаты курулуп бүттү

Ош облусунун Ноокат шаарында 140 орундуу көркөм сүрөт мектеп-интернатынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылды. Мектеп-интернат эки кабаттуу эки окуу корпусунан, спорттук блоктон жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты – 1904,25 чарчы метр. Имаратта заманбап окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класс,

Ишкер Media