Кыргызстан менен Азербайжан Өнүктүрүү фондунун капиталын 200 млн долларга көбөйттү

Кыргызстан менен Азербайжан Өнүктүрүү фондунун капиталын 200 млн долларга көбөйттү

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган эки маанилүү документке кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Алардын бири — 2022-жылдын 11-октябрында түзүлгөн Азербайжан–Кыргыз Өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу Экинчи кошумча макулдашуу. Ага ылайык, Фонддун уставдык капиталы 100 млн АКШ долларынан 200 млн АКШ долларына чейин көбөйтүлдү.

Бул чечим инвестициялык долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Кыргызстандын экономикасына азербайжандык инвестицияларды көбүрөөк тартууга шарт түзөрү белгиленди.

Ошондой эле тараптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2024–2029-жылдарга кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасына кол коюшту.

Документте эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган конкреттүү иш-чаралар камтылып, жетишилген макулдашуулардын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүү механизми каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media