Өлкө башчылары Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананы ачышты

Өлкө башчылары Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананы ачышты

Күн мурун президент Садыр Жапаров Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары менен бирге Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Baku Resort & Spa беш жылдыздуу мейманканасынын расмий ачылыш аземине катышты.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, мамлекет башчылары мейманкананын негизги инфраструктуралык объектилерин көрүп чыгып, жайгаштыруу шарттары, функционалдык мүмкүнчүлүктөрү жана ишкердик, маданий, ден соолукту чыңдоо иш-чараларын өткөрүүгө ылайыкташтырылган инфраструктурасы менен таанышышты.

Белгиленгендей, бул долбоор кыргыз-азербайжан инвестициялык кызматташтыгынын натыйжасы болуп саналат. Анын ишке кириши Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестицияларды тартууга жана эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөт.

Baku Resort & Spa — Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан заманбап беш жылдыздуу мейманкана комплекси. Анын курамына мейманкана, коттедждер, конгресс-холл, ден соолукту чыңдоо борбору, спорттук жана көңүл ачуучу объекттер, ошондой эле көрктөндүрүлгөн жээк аймагы кирет.

Комплекс жыл бою конокторду кабыл алууга ылайыкташтырылып, эл аралык форумдарды, ишкердик жолугушууларды жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө бардык шарттар каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media