Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Садыр Жапаров F1 H2O чемпионаты туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты

Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жаткан UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты өлкөнүн туристтик потенциалын дүйнөгө таанытууга өбөлгө түзөт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров кечээ Ысык-Көлдө өткөн дүйнө чемпионатынын расмий ачылыш аземинде айтты.

Президент Садыр Жапаров дүйнө чемпионаты Кыргызстандын эл аралык аброюн чыңдоого жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн дүйнөгө таанытууга кызмат кыларын белгиледи.

Анын айтымында, бүгүн дүйнө Кыргызстанды жаңыча таанып баштады жана туризм өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүчү негизги тармактардын бири болуп саналат.

"Бүгүнкү дүйнө чемпионаты биздин өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого багытталган ырааттуу саясатыбыздын дагы бир айкын далили болот деп ишенем", — деди мамлекет башчысы.

Президент туристтердин санын көбөйтүү менен катар көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртуу да маанилүү экенин белгиледи.

"Биз туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, коопсуздукту камсыз кылууга, заманбап инфраструктураны өнүктүрүүгө жана чын дилден көрсөтүлгөн меймандостукка өзгөчө көңүл бурабыз. Анткени меймандостук — кыргыз элинин улуттук мүнөзүнүн жана кылымдарды карыткан маданиятынын ажырагыс бөлүгү", — деди ал.

Садыр Жапаров ошондой эле өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө багытталган ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи. Алардын катарында төрт мезгилдүү "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластери жана "Тамчы" атайын финансылык-инвестициялык аймагы бар.

Президенттин айтымында, бул долбоорлор туристтик инфраструктураны өнүктүрүп, жаңы инвестицияларды тартууга жана Кыргызстанды эл аралык деңгээлдеги туристтик борборлордун бирине айлантууга өбөлгө түзөт.
Белгилей кетсек, UIM F1H2O “Суудагы Формула-1” боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда алгачкы жолу өтүп жатат. Мелдешке дүйнөнүн 13 өлкөсүнөн 18 спортчу катышууда. Ысык-Көл болсо дүйнө чемпионатынын тарыхындагы эң бийик тоолуу жарыш трассасы болуп калды.

Мындан тышкары окуңуз

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

Астанада "Борбор Азия – Италия" бизнес форуму өттү

18-сентябрда Астана шаарында «Борбор Азия + Италия» бизнес-платформасынын форуму өтүп, анын алкагында B5+ITALY платформасы расмий ишке кирди. Форумга Италия, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тармактык министрликтеринин өкүлдөрү катышты. Кыргызстандан ишчарага Экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышкан. Иш-чарада Борбор Азия өлкөлөрү менен Италиянын ортосундагы соода-экономикалык

Ишкер Media
Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдардын медициналык маалымкаттарын эми электрондук түрдө берүүгө болот

Балдар үчүн 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалымкаттар этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүлүүдө. Эми ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр аларды электрондук түрдө мектепке чейинки, жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарына бере алышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, маалымкаттар "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү.

Ишкер Media
Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Кыргызстанда акча которуулар рыногун санариптештирүү маселелери талкууланды

Бишкекте акча которуулар боюнча Улуттук кызыкдар тараптар тармагынын (NRSN) төртүнчү жыйыны өттү. Ага банктар, микрофинансылык уюмдар, Улуттук банк, эл аралык жана технологиялык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Мындай билдирүүнү Кыргызстан банктарынын бирикмесинен кабарлашты. Билдирүүгө караганда, жыйында Кыргызстандагы акча которуулар рыногунун абалы, санариптештирүү, накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү жана каржылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери

Ишкер Media
XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

XX Азия оюндарынын ачылыш аземи өттү

Кече Япониянын Нагоя шаарында XX Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Азия өлкөлөрүнүн спортчуларынын парады болуп, Кыргызстандын спортчулар дагы өлкөнүн желегин көтөрүп, салтанаттуу парадга катышышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Ачылыш аземи концерттик программа жана шоу менен коштолду. Кыргызстандык спортчулар аталган шаарга 17-

Ишкер Media