Касымалиев: F1 H2O чемпионаты Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты

Касымалиев: F1 H2O чемпионаты Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты

Күн мурун Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кыргызстан – Ысык-Көл 2026" UIM F1H2O суу-мотор спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабынын салтанаттуу жабылыш аземине катышты.

Ал өз сөзүндө мелдештин жүрүшүндө Ысык-Көл дүйнөнүн мыкты спортчуларын жана суудагы эң ылдам жарыш кайыктарын кабыл алганын белгилеп, Кыргызстан ири эл аралык спорттук иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштура аларын далилдегенин айтты.

Касымалиевдин айтымында, чемпионат спорттук таймаш менен гана чектелбестен, мамлекеттер ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзгөн маанилүү эл аралык аянтча болду.

Министрлер Кабинетинин башчысы Суу-мотор спорту боюнча эл аралык федерацияга (UIM), улуттук федерацияларга, уюштуруучуларга, өнөктөштөргө, ыктыярчыларга, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө, медицина кызматкерлерине жана чемпионатты өткөрүүгө салым кошкон бардык адамдарга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал жеңүүчүлөрдү жана байге ээлерин куттуктап, спорт адамдарды бириктирип, тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кызмат кыларын белгиледи.

Сөзүнүн соңунда Адылбек Касымалиев Кыргызстан мындан ары да эл аралык деңгээлдеги спорттук инфраструктураны өнүктүрүп, дүйнөлүк мелдештерди өткөрүүнү улантарын айтты.

Жабылыш аземинин соңунда "Кыргызстан – Ысык-Көл 2026" UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Гран-присинин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткенде туристтик инфраструктураны жакшыртуу маселеси көтөрүлдү

Баткен облусунда туризм тармагын өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу жана инфраструктураны өркүндөтүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов облус башчысынын орун басары Максатай Мамытбекова менен жолугушуп, аймактагы туризмдин негизги маселелери жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Андан

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери  тажрыйба алмашууну көздөшөт

Кыргыз-өзбек жаш парламентарийлери тажрыйба алмашууну көздөшөт

10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. "Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо!" деген ураан алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаштар, адистер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты. Марлен Маматалиев кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгилеп,

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында мыйзамсыз валюта алмаштырган 9 жаранга айып пул салынды

Ош шаарында Улуттук банктын лицензиясы жок чет өлкө валютасын алмаштыруу менен алектенген 9 жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу КРнын Улуттук банкынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, мыйзамсыз акча алмаштырууга карата көзөмөлдү Ош облустук башкармалыктын өкүлдөрү ишке ашырып, анын жүрүшүндө аталган жарандар Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы жок нак чет

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткенде көп балалуу энелер "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" сыйлыктарын алышты

Баткен районунда көп балалуу 70 энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти. Салтанатта 36 энеге "Баатыр эне" ордени, ал эми 34 энеге "Эне даңкы" медалы тапшырылды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акиминин орун