ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүшү керек – Касымалиев

ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүшү керек – Касымалиев

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Президенттин Администрациясынын кезектеги аппараттык жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунда өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу, ошондой эле UIM F1 H2O "Суудагы Формула-1" боюнча дүйнө чемпионаты жана аны менен катар уюштурулган иш-чаралар ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстанда жакынкы мезгилде эл аралык жана мамлекеттик деңгээлдеги бир катар маанилүү иш-чаралар өтөрүн эске салып, алардын ичинде Шанхай кызматташтык уюмунун мааракелик саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бар экенин айтты.

Жыйында тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери бул иш-чараларга даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Талкуунун жыйынтыгында Адылбек Касымалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга ШКУ саммитинин алкагында кол коюла турган документтерди өз убагында даярдоону, бардык пландалган иштерди бекитилген графикке ылайык бүтүрүүнү жана алдыдагы эл аралык иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү үчүн комплекстүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media