JDS программасы мамлекеттик кызматкерлерге жаңы мүмкүнчүлүк түзүүдө

JDS программасы мамлекеттик кызматкерлерге жаңы мүмкүнчүлүк түзүүдө

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жапония Өкмөтүнүн JDS долбоорунун алкагында Жапонияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Улан Маматканов мамлекеттин өнүгүүсү билимдүү, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү кадрларга түздөн-түз байланыштуу экенин белгилеп, бул багытта туруктуу колдоо көрсөтүп келе жаткан Жапония Өкмөтүнө, Кыргызстандагы Жапониянын Элчилигине, Жапон эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) жана Жапон эл аралык кызматташтык борборуна (JICE) ыраазычылык билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда JDS программасын улантуу боюнча жаңы келишимге кол коюлуп, аны ишке ашырууга 381 миллион иен өлчөмүндө грант бөлүнгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бул каражат мамлекеттик кызматкерлердин билимине жана өлкөнүн мамлекеттик башкаруу системасын өнүктүрүүгө багытталган инвестиция болуп саналат.

Быйыл JDS программасынын алкагында Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринен 20 стипендиат, анын ичинде 19 магистратурага жана 1 докторантурага окууга жөнөп жатат.

Белгилей кетсек, JDS программасы 2006-жылдан бери ишке ашырылып келет. Ушул мезгил аралыгында 300дөн ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Жапонияда билим алып, кесиптик квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алды.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media