Кыргыз-орус агроөнөр жай кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Кыргыз-орус агроөнөр жай кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Бүгүн VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында "Айыл чарба тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын келечеги" аттуу панелдик сессия өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарада Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Асылбек Сатывалдиев Кыргызстан Россия менен агроөнөр жай тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө маани берерин билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн өнөктөштүгүн бекемдөө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, соода жүгүртүүнү кеңейтүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Панелдик сессияга Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик органдарынын, бизнес-коомчулуктун, тармактык уюмдардын жана илимий мекемелердин өкүлдөрү катышты. Алар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү, инвестиция тартуу, логистиканы жакшыртуу, заманбап агротехнологияларды жайылтуу жана ветеринардык-фитосанитардык көзөмөлдү күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Кыргызстандын сапаттуу айыл чарба продукциясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү жогору экени белгиленип, биргелешкен өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө, өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүүгө жана өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экени айтылды.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-орус өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого жана агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдиришти.

Мындан тышкары окуңуз

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

Эксперттер Борбор Азия өлкөлөрүндөгү атом энергетикасынын келечегин талкуулашты

24-сентябрда Бишкекте атом энергетикасы жана өнөр жайынын ардагерлеринин эл аралык союзунун колдоосу менен КРнын Энергетикасынын ардагерлер кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан “Кыргыз Республикасында атом энергетикасын жана технологияларын өнүктүрүүнүн келечеги” аталышындагы эл аралык семинар болуп өттү.   Иш-чарага Кыргызстандын атомдук жана энергетика тармактарынын ардагерлери, “Росатом” мамкорпорациясынын коомдук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук уюмдардын

Ишкер Media
"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

"Кыргызстандын 100 санарип лидер айымы" программасы жыйынтыкталды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетекчи айымдар үчүн уюштурулган программанын экинчи этабы аяктап, ийгиликтүү катышуучуларга сертификат жана статуэтка тапшырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги кабарлады. Маалыматка ыдайык, сыйлангандардын катарында Жаратылыш министринин орун басары Асель Раимкулова, Адам ресурстары башкармалыгынын башчысы Асель Карымбаева бар. Программа санарип платформалар, AI жана аналитика, санариптик коммуникация боюнча

Ишкер Media
Картонго жан киргизип -  Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Картонго жан киргизип - Чубак ажы сыяктуу инсандардын элесин чагылдырган Баткендик жигиттин таланты жана кыялдары

Сүрөт тарткан адамдар көп. Бирок сүрөттү өзгөчө ыкма менен жаратып, аны жөнөкөй хоббиден чыгармачылыктын өз алдынча багытына айлантууга аракет кылгандар саналуу эле. Алардын бири Баткендин Лейлек районундагы Жаштык айылында туулуп-өскөн Нурсултан Халбеков төрт жыл мурда өз алдынча жаңы ыкмада портреттерди жасай баштаган. Азыр Нурсултан Халбековдун ишмердүүлүгү интернет айдыңында “баракелде”

Ишкер Media
Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Көк-Арт дарыясына таштанды төккөндөргө 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад башкармалыгы Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, Күмүш-Азиз жана Курук-Көл айылдарында тургундар Көк-Арт дарыясынын жээгине таштанды төккөнү аныкталды. Факты боюнча 2 жаранга протокол түзүлүп, жалпы 11 000 сом айып салынды. Айыл башчыларына жана тургундарга экологиялык

Ишкер Media