Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Аны Ысык-Көл эл аралык аэропортунан Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков тосуп алды.
Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтөт.
Жыйынга Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана байкоочу мамлекеттердин делегация жетекчилери катышат. Иш-чаранын жүрүшүндө интеграциялык кызматташтыкты өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана өз ара кызыкчылык жараткан маселелер талкууланары күтүлүүдө.


