Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн прокуратураларынын кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн прокуратураларынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруучу М.М. Бектурганов КМШга катышкан мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин Аткаруу катчысы Ю.Н. Жданов менен жолугушту.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жолугушууда КМШ өлкөлөрүнүн прокуратура органдарынын өз ара кызматташуусун өнүктүрүү, эл аралык укуктук байланыштарды чыңдоо жана Координациялык кеңештин алкагында биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Өзгөчө Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүнө көңүл бурулду. Тараптар өкүлчүлүктүн ишин өнүктүрүүгө байланыштуу уюштуруучулук жана практикалык маселелер боюнча пикир алмашып, мындан аркы кызматташуу багыттарын талкуулашты.

Ю.Н. Жданов Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын Россиядагы Өкүлчүлүгүнүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган чараларды колдой турганын билдирип, Координациялык кеңештин компетенциясынын алкагында зарыл көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана КМШ мамлекеттеринин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин алкагында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Садыр Жапаров: Жыл аягына чейин 20 миң үй-бүлө МИК аркылуу батирлүү болот

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкекте "Асман Резиденс-1" турак жай комплексинин ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабралды. Жаңы батирлер күч түзүмдөрүнө - УКМК, Башкы прокуратура, Коргоо министрлиги, ИИМ, Чек ара кызматы, ЖАМК жана Мамлекеттик күзөт кызматынын өкүлдөрүнө "Менин үйүм" программасы аркылуу берилди. Президент белгилегендей, жыл аягына

Ишкер Media
Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Ош шаарынын агрардык ишканасы быйыл 89,3 тонна түшүм жыйнады

Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев "Агрардык чарба" муниципалдык ишканасында болуп, түшүм жыйноо жана күздүк себүү иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайк, быйыл ишкана 64,7 тонна буудай, 24,6 тонна арпа жыйнады. Жалпы түшүм - 89,3 тонна. Учурда күздүк айдоо жана себүү иштери башталды.

Ишкер Media
Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

Президенттикке талапкерлердин шайлоо фонду үчүн эки банк аныкталды

БШК бүгүнкү жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "АБанк" ААКсын аныктады. Бул тууралуу комитеттен билдиришти. Маалым болгондой, аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу ыктыярдуу кайрымдуулук салымдарын которууга уруксат берилди.

Ишкер Media
Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад

Ишкер Media