Курулуш министрлигинде коррупцияга каршы чаралар күчөтүлөт

Курулуш министрлигинде коррупцияга каршы чаралар күчөтүлөт

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинде коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жыйын министрдин биринчи орун басары Болот Чолпонбаевдин жетекчилиги алдында өтүп, анда министрликтин тутумундагы коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо, башкаруу жана азайтуу маселелери каралды.

Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 2025–2030-жылдарга карата Мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында аткарылып жаткан иштер талкууланды.

Болот Чолпонбаев коррупциялык аракеттерди өз убагында аныктоо жана алдын алуу боюнча каралган чараларды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине бекитилген иш-чараларды өз убагында аткаруу жана тиешелүү отчетторду белгиленген мөөнөттөрдө тапшыруу тапшырылды.

Министрлик коррупцияга каршы күрөшүү жана ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Улуттук госпиталга 68 млн сомдук жабдуу берилди, операция саны 2 эсе көбөйөт

Бүгүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев Sharjah Charity International жана "Ихсан-Хайрия" фонддорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууда Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнө заманбап жабдууларды өткөрүп берүү талкууланды. Демилге 2024-жылы Шарджа Эмиратынын Эмиринин орун басары шейх Султан бин Ахмад

Ишкер Media
"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

"Бишкекжылуулуктармагына" 56 миң сомго айыппул салынды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Текшерүүдө ишкананын автотранспортторунун техникалык абалы жана атмосферага чыккан зыяндуу заттардын көлөмү көзөмөлгө алынды. Маалыматка ылайык, жыйынтыгында эки автоунаадан белгиленген ченемден ашык түтүн чыкканы аныкталды.

Ишкер Media
Араванда пахта терүү башталды

Араванда пахта терүү башталды

Ош облусунун Араван районунда пахта жыйноо башталды. Быйыл райондо 1 252 гектарга пахта айдалган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Дыйкандардын маалыматына ылайык, быйыл түшүм мол болуп, гектарынан 60–70 центнерге чейин түшүм алынууда. Райондо негизинен кытайлык "Элита" сорту өстүрүлүүдө. Пахта өндүрүүдө тамчылатып сугаруу сыяктуу сууну үнөмдөөчү технологиялар

Ишкер Media
“Элдик Банк” жана “АБанк” шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуучу банк болуп аныкталды

“Элдик Банк” жана “АБанк” шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуучу банк болуп аныкталды

Бүгүн, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 2027-жылдын 27-январына дайындалган КРнын Президентин кезектеги шайлоого катышып жаткан талапкерлердин жана саясий партиялардан талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн “Элдик Банк” менен “АБанк” ачык акционердик коомдорун аныктады. Аталган банктардын жана башка бир катар банктардын мобилдик тиркемелерин талапкерлердин шайлоо фонддоруна

Ишкер Media