Кыргызстан Антальяда өтө турган КС31 климаттык конференциясына даярданууда

Кыргызстан Антальяда өтө турган КС31 климаттык конференциясына даярданууда

Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 9-20-ноябрында Түркиянын Анталья шаарында өтө турган Климаттын өзгөрүшү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (КС31) даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрликте Кыргызстандын делегациясынын КС31ге катышуусуна даярдык көрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Ага министрдин орун басары Асель Раимкулова төрагалык кылды.

Жыйында Кыргызстандын конференцияга катышуусунун негизги максаттары жана артыкчылыктуу багыттары, делегацияны даярдоо боюнча иш-чаралар планы жана катышуу форматы талкууланды.

Мындан тышкары, КС31дин алкагында Кыргызстандын улуттук павильонун уюштуруу маселеси каралды. Буга чейин "Кыргыз Экспорт" борбору улуттук павильон уюштуруу боюнча өтүнмө берип, ал конференциянын уюштуруучулары тарабынан жактырылган.

Жыйындын катышуучулары КС31де Кыргызстандын климаттык артыкчылыктарын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө, климаттык каржылоону тартууга, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого, туруктуу өнүгүүгө жана тоо күн тартибине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешти.

Талкуунун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

Улуттук банк 2026-жылдын II чейрегинде финансы-кредиттик уюмдарга 525 жазма буйрук берди

КРнын Улуттук банкы 2026-жылдын II чейрегинде көзөмөлүндөгү банк эмес жана адистештирилген финансы-кредиттик уюмдарга, ошондой эле башка юридикалык жактарга карата бир катар таасир этүү чараларын көргөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгында микрофинансылык уюмдарга 30, кредиттик союздарга 29, кредиттик бюрого 1 жана

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

Бажыда металл прокатын мыйзамсыз тариздөө фактысы аныкталды

КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында Кытайдан "Ч.К.М." ЖЧКсынын дарегине алып келинген металл прокатынын партиясын мыйзамсыз тариздөө фактысын аныктады. Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Түндүк-чыгыш бажысынын "Кант" бажылык тариздөө жайынын башкы инспектору К.М.Т. жана "Ч.К.М.

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева БУУдагы туруктуу өкүл кызматынан бошотулду

Аида Касымалиева Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү кызматынан кетти. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Касымалиева башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мамлекет башчысынын тиешелүү жарлыгы менен анын ордуна Аяз Баетов Кыргызстандын Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы туруктуу өкүлү болуп

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасын жеткиликтүү сатып алууга болот

Эттин баасынын кескин өсүшүнө жол бербөө жана калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти. Кызматтын маалыматына ылайык, учурда эттин баасынын өсүшүнө объективдүү негиз жок. Республикада малдын саны өсүп жатканы белгиленип, жайыт мезгили аяктап, малдын жайлоодон түшүшү менен эттин баасынын