Коррупция тууралуу билдиргендерди коргоо боюнча жаңы тартип бекитилди
Үстүбүздөгү жылдын 10-августунда Министрлер Кабинетинин №537 токтому менен коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү фактылары жөнүндө билдирүүнүн тартиби бекитилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Документ Башкы прокуратура тарабынан "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткаруу максатында иштелип чыккан. Ал коррупциялык укук бузууга көндүрүү фактылары жөнүндө билдирүүнүн бирдиктүү жана ачык-айкын механизмин түзүүгө багытталган.
Жаңы тартипте билдирүүлөрдү берүү, анын ичинде электрондук түрдө жөнөтүү жолдору жана мөөнөттөрү, аларды каттоо жана кароо эрежелери белгиленген. Ошондой эле жооптуу кызматкерлердин ыйгарым укуктары, маалыматтардын купуялуулугун сактоо жана мындай фактылар тууралуу ак ниет билдирген адамдарды коргоо чаралары каралган.
Коррупциялык же башка укук бузуулардын белгилери аныкталган учурда укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнүн тартиби да белгиленди.
Токтом коррупциялык көрүнүштөрдү өз убагында аныктоого жана бөгөт коюуга, аларды жашыруу тобокелдиктерин азайтууга жана коррупциялык фактылар жөнүндө билдирген адамдардын корголушун күчөтүүгө багытталган.