Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык аяктап калды

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык аяктап калды

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү иштери акыркы этапка кирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Оюндарга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Жыйында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы программасы, маданий, спорттук жана илимий иш-чаралар, ошондой эле жабылуу салтанатынын концепциясы каралды.

Мындан тышкары, транспорттук логистика, катышуучуларды жайгаштыруу жана аккредитациялоо, медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык камсыздоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле "Кырчын" этно шаарчасы, Көчмөндөр цивилизациясы борбору, "Рух-Ордо", ипподром жана спорттук аянтчалар сыяктуу негизги объектилердин даярдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга даярдык иштерин аяктоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча Кыргызстанга киргизилген жок

Өзбекстандан келген 28 тонна жашылча Кыргызстанга киргизилген жок

Өзбекстандан Кыргызстанга келаткан 23 тонна пияз жана 5 тонна сабиз "Кызыл-Кыя автожолу" фитосанитардык текшерүү постунан артка кайтарылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Текшерүү учурунда жашылча-жемиштердин таңгагында милдеттүү эн белги жок экендиги аныкталган. Адистердин айтымында, азыктарды тиешелүү белгисиз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин

"Кыргызфармациядагы" мыйзам бузуулар 138 млн сомго жакын зыян алып келди

"Кыргызфармациядагы" мыйзам бузуулар 138 млн сомго жакын зыян алып келди

"Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасында дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024–2026-жылдары айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын чыныгы муктаждыктары эске алынбастан жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы баасы 74,1 млн сом болгон дары-дармектердин 60 түрүнүн жарактуулук

Ноокенде селдин кесепеттерин жоюуга катышкан 348 жаран азык-түлүк алышты

Ноокенде селдин кесепеттерин жоюуга катышкан 348 жаран азык-түлүк алышты

Ноокен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштерине катышкан 348 жаранга эмгек акысы катары жалпы 114 тонна азык-түлүк берилди. Бул тууралуу "Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги" уюму билдирди. Маалыматка ылайык, Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан "Эмгек үчүн азык-түлүк жардам" долбоорунун алкагында 300 килограммдан ун

Кара-Балтада абанын булганышы 3,9 эсеге чейин нормадан ашты

Кара-Балтада абанын булганышы 3,9 эсеге чейин нормадан ашты

Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында айрым аймактарда атмосфералык абадагы азот кошкычкылынын концентрациясы белгиленген чектен ашканы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Экологиялык мониторинг департаменти Кара-Балта шаарынын тургундарынын кайрылууларынан кийин шаардан жана Ново-Николаевка айылынан абанын үлгүлөрүн алган. Мониторинг Кара-Балтадагы 40