Рысгүл Акимжанова айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык, Рысгүл Абдыманаповна Акимжанова Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.
Мындан тышкары, министрликтин айрым башкармалыктарына жаңы жетекчилер дайындалып, алар ведомствонун жамаатына тааныштырылды.


