Кыргызстан Sinopec компаниясы менен күйүүчү май жеткирүү маселесин талкуулады

Кыргызстан Sinopec компаниясы менен күйүүчү май жеткирүү маселесин талкуулады

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна болгон жумуш сапарынын алкагында Sinopec корпорациясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь менен жолукту. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Sinopec менен Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу материалдар тармагында иштеген компанияларынын ортосунда түз байланыштарды түзүү жана Кыргызстанга мунай продуктуларын жеткирүү маселелери талкууланды.

Кыргыз делегациясынын курамына мунай тармагында иш алып барган ондон ашуун компаниянын жетекчилери кирген. Ошондой эле буга чейин келишим түзгөн компанияларга байланыштуу маселелер каралды.

Эрлист Акунбеков Кыргызстан Кытайдан мунай продуктуларын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Анын айтымында, бул багыт эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгында чоң мүмкүнчүлүккө ээ.

Өз кезегинде Sinopec корпорациясынын директорунун орун басары Тянь Хунбинь буга чейин түзүлгөн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана мунай тармагындагы жаңы багыттар боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда жумушчу топтор Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү, транспорт, бажылык жол-жоболоштуруу, соода жүгүртүү жана башка тиешелүү маселелерди талкуулашты.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media