Кыргызстандын беш жылдык фискалдык саясаты жактырылды
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгында Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Жыйында Кыргызстандын 2027-2031-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорукаралды.
Финансы министри Руслан Суйналиев алдыдагы беш жылга каралган киреше жана чыгаша параметрлери боюнча баяндама жасады.
Ошондой эле инфраструктуралык долбоорлорду каржылоо жана ар кандай багыттар боюнча мамлекеттик чыгымдар талкууланды.
Жыйынтыгында Кеңеш 2027–2031-жылдарга фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоорун бир добуштан жактырды.


