БШК президенттикке талапкерлердин кезегин аныктоо тартибин бекитти
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик кызматка катталган талапкерлердин шайлоо бюллетениндеги кезектүүлүгүн аныктоо үчүн өткөрүлүүчү чүчүкулактын тартибин бекитти.
БШКнын маалыматына ылайык, чүчүкулакты өткөрүүнүн азыркы негизги тартиби өзгөртүлбөйт. Ошол эле учурда бардык катталган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү макул болгон учурда чүчүкулакты бир баскычта өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мындай ыкма талапкерлердин бюллетендеги ордун кокусунан аныктоону сактоо менен бирге, алардын макулдашылган позициясын эске алууга шарт түзөт.
Белгиленгендей, жаңы тартип чүчүкулакты өткөрүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, анын баскычтарын жана убакыттын чыгымдарын кыскартууга багытталган.

