Садыр Жапаров "Ырыс Ордо" Конгресс-борборунун ачылышына даярдыкты текшерди

Садыр Жапаров "Ырыс Ордо" Конгресс-борборунун ачылышына даярдыкты текшерди

Президент Садыр Жапаров күн мурун Бишкек шаарындагы "Ырыс Ордо" Конгресс-борборуна барып, объекттин расмий ачылышына карата даярдык иштерин текшерди.

Президенттин администрациясынын маалыматына ылайык, 14,7 гектар аянтты ээлеген комплекстин курамына борбордук имарат жана расмий делегациялар менен жогорку даражалуу конокторду кабыл алууга арналган сегиз мейман үйү кирет.

Конгресс-борбор эл аралык саммиттерди, форумдарды, расмий кабыл алууларды, сүйлөшүүлөрдү жана башка жогорку деңгээлдеги мамлекеттик иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган.

Мамлекет башчысы борбордук имараттагы негизги функционалдык аймактарды жана залдарды көрүп чыкты. Анда 1238 орундуу "Курултай" конференц-залы, 1000 адамга ылайыкталган банкет залы, 235 орундуу пресс-зал, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн атайын залдар жайгашкан.

Ошондой эле Президент расмий делегациялардын жетекчилери үчүн курулган мейман үйлөрүнүн даярдыгы менен таанышып, аларда жашоо, иш алып баруу жана эс алуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Сапардын жыйынтыгында Садыр Жапаров аткарылган курулуш иштеринин сапатына жогору баа берип, комплекстин расмий ачылышка даярдык деңгээлине канааттанганын билдирди.

Мындан тышкары, ал алдыдагы эл аралык иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн бардык тиешелүү кызматтардын биргелешип жана так иш алып баруусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, "Ырыс Ордо" Конгресс-борборунун расмий ачылышы 24-августта өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media