Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн жыйынтыктары талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде гендердик зомбулуктун алдын алуу жана жабыр тарткан адамдарды коргоо боюнча маселелер каралды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул көйгөйлөр 24-августта өткөн гендердик зомбулук боюнча улуттук изилдөөнүн алдын ала жыйынтыктарын талкуулоого арналган жолугушууда көтөрүлдү.

Эмгек министрдин орун басары Аида Исатбек кызынын айтымында, Кыргызстанда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү укуктук база түзүлгөн.

Анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана алдын алуу боюнча мыйзам, коргоо ордерлерин электрондук мониторингдөө мүмкүнчүлүгү, ошондой эле пробация кызматынын түзөтүү программалары сыяктуу механизмдер иштейт.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 17-июлунда президент гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө кол койгон. Анда аялдардын эмгек чөйрөсүндөгү укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жумуш ордундагы асылуу жана зомбулуктун алдын алуу боюнча чаралар каралган.

Белгиленгендей, жолугушууда жабыр тарткан адамдарга көрсөтүлүүчү жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапаты, ошондой эле мамлекеттик органдар менен башка уюмдардын кызматташуусу боюнча сунуштар айтылды.

Улуттук изилдөө Азия өнүктүрүү банкынын техникалык колдоосу менен "COVID-19 пандемиясынан кийинки мезгилде Борбордук жана Батыш Азия өлкөлөрүндө гендердик зомбулукка каршы аракеттенүү механизмдерин күчөтүү" долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Министрлик жыйындагы айтылган сунуштар изилдөөнү өркүндөтүүдө жана гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча улуттук саясатка сунуштамаларды даярдоодо эске алынарын белгиледи.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Кыргызстан менен Армения кызматташтык боюнча 10 документке кол койду

Бүгүн Ереванда президент Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-армян кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган 10 документке кол коюлду. Кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөрдө тараптар соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты талкуулашты. Сапардын алкагында төмөнкү документтер кабыл

Ишкер Media
“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media