Кыргызстанда эт тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор ишке ашат
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде Ишкерлер союзунун өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, талкууда учурдагы инфратүзүмдү натыйжалуу пайдалануу, инвестиция тартуу жана мал өндүрүүчүлөр, бордоп семиртүүчү чарбалар менен кайра иштетүүчү ишканалардын кызматташтыгын өнүктүрүүгө көңүл бурулду.
Белгиленгендей, эт багытын өнүктүрүү малды өстүрүү жана бордоп семиртүүдөн тартып, кайра иштетүү жана даяр азыктарды сатууга чейин шарт түзөт. Бул өлкө ичинде кошумча наркты көбөйтүп, ата мекендик эт тармагынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
Жолугушуунун жыйынтыгында сунушталган долбоорду жүзөгө ашыруу, Буран айыл аймагындагы учурда иштебей турган комплекстин техникалык абалын жана аны пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө боюнча макулдашууга жетишилди.


