Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Кыргызстан менен Корея статистика тармагындагы кызматташтыкты өрчүтөт

Жогорку Кеңештин депутаты Уланбек Жаанбаев Түштүк Кореянын Статистика министринин чакыруусу менен аталган өлкөгө иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, депутат статистика тармагындагы заманбап ыкмалар, маалымат базаларын башкаруу жана санариптештирүү боюнча Түштүк Кореянын тажрыйбасы менен таанышты.

Жолугушууларда статистикалык маалыматтарды системалаштыруу, аларды натыйжалуу пайдалануу жана мамлекеттик башкарууда так жана ишенимдүү маалыматтардын негизинде чечим кабыл алуу маселелери талкууланды.

Уланбек Жаанбаев Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иштери тууралуу маалымат берип, парламенттин маалыматтар менен иштөө сапатын жогорулатуу, аналитикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү багыттарына токтолду.

Заманбап технологияларды мамлекеттик башкарууга киргизүү боюнча тажрыйбаларды өлкөдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрү орчундуу экени белгиленди.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жаран тиешелүү кенемтесин алды

Прокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин жаран тиешелүү кенемтесин алды

Башкы прокуратура жарандын кайрылуусунун негизинде эмгек мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, тиешелүү чараларды көрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, финансылык мекемелердин биринде болгон өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы тиешелүү чараларды өз убагында көргөн эмес. Жаран аталган кызматка бир нече жолу кайрылганына карабастан, жубайынын каза

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлекте курал сактоо эрежесин бузган жаран жоопкерчиликке тартылды

Лейлек районунда 24–27-августтагы өткөн рейддик иш-чарасында курал сактоо эрежесин бузган 1 жаран жоопкерчиликке тартылып, дагы 1 тургун мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу куралын милицияга өз ыктыяры менен тапшырды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери район аймагында ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жол бербөө жана

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкектин батыш тарабында жаңы эс алуу жайы пайда болот

Бишкек шаарынын түндүк-батыш бөлүгүндө жаңы коомдук мейкиндик түзүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Министрликке караштуу Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын адистери С. Кайназаров жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймакты көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштеп чыгышты. Долбоордо ар кандай курактагы шаар тургундары

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көлдө айдоочу 1 млн 91 миң 700 сом айып пулун төлөбөй жүргөн

Ысык-Көл облусунда 1 млн 91 миң 700 сом өлчөмүндө төлөнбөгөн айып пулдары бар айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, айдоочу жаңы автоматташтырылган фото жана видеофиксациялоочу программалык комплекстер аркылуу аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаага жасалма мамлекеттик каттоо номуру тагылганы, ошондой эле айдоочу