Кыргызстан менен Өзбекстан сот тармагында тажрыйба алмашууга кызыкдар
Кыргызстандын Жогорку сотунун делегациясы Өзбекстандын сот тутумун санариптештирүү жана заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, делегацияны Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаев жетектеди.
Иш-чарада Өзбекстандын Жогорку сотунун төрайымы Робахон Махмудова менен эки тараптуу жолугушуу болуп, соттук кызматташтыкты өнүктүрүү, сот адилеттиги жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, делегация Ташкент шаарындагы Юнусабад райондук кылмыш иштери боюнча сотунун иши менен таанышып, кылмыш сот өндүрүшүндө санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбасын үйрөндү.
Өз кезегинде кыргыз тарап өлкөнүн сот тутумун санариптештирүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер жана электрондук кызматтар тууралуу маалымат берди.
Иш сапардын жыйынтыгында тараптар кесиптик кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууну улантууга жана биргелешкен эксперттик жолугушууларды, семинарларды, такшалмаларды өткөрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.



