Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Кыргызстан менен Кытай соода багытынан өндүрүштүк кызматташтыкка өтөт

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков "Кыргызстан – Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда" аталышындагы инвестициялык форумга катышып, сөз сүйлөдү.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, министр эки өлкөнүн мамилеси жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделип, учурда бир катар ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2021–2025-жылдары Кытайдан Кыргызстанга келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү болжол менен 1,85 млрд долларды түзгөн.

Форумда соодага негизделген моделден инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыкка өтүү маселелери талкууланды. Анын ичинде өнөр жайды локалдаштыруу, энергетика жана жашыл экономика, айыл чарба жана кайра иштетүү, санариптештирүү жана инновация багыттарында жаңы долбоорлорго басым жасалды.

Ошондой эле "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолунун курулушу кызматташтыктын жаңы баскычына көтөрүлүп, транспорттук-логистикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөрү белгиленди.

Форумдун алкагында кыргызстандык жана кытайлык ишкерлердин ортосунда В2В форматындагы жолугушуулар уюштурулуп, бир катар документтерге кол коюлду.

Эрлист Акунбеков иш-чаранын жыйынтыгында жаңы бизнес-өнөктөштүктөр түзүлүп, алар жүзөгө ашырыларына ишеним билдирди.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

“Тамчы” АФИА эл аралык рейтингде дүйнөдө экинчи орунду ээледи

Кыргызстандагы “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагы (АФИА) Financial Times тобуна кирген fDi Intelligence аналитикалык борборунун Global Free Zones of the Year 2026 рейтингинде “Чыгып келе жаткан жылдыз” (Rising Stars) категориясы боюнча Азия-Тынч океан аймагында биринчи, дүйнөдө экинчи орунду ээледи. Маалыматка ылайык, “Тамчы” бул рейтингде жогорку баага татыган Борбор Азиядагы

Ишкер Media
18-октябрда Бишкекте  төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

18-октябрда Бишкекте төрт автобустун кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрөт

2026-жылдын 18-октябрында “Бишкек Аренада” белгилүү ырчы Шакиранын концерттик программасы өткөрүлө тургандыгына байланыштуу № 23, № 100, № 35 жана № 45 автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси бир күнгө өзгөртүлөт. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, өзгөртүүлөр иш-чара өтүүчү аймакта жол кыймылын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө. Ушуга  байланыштуу жүргүнчүлөргө сапарларын алдын ала пландаштырууда каттамдардын

Ишкер Media
Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Бишкекте экологиялык сот адилеттиги боюнча эл аралык конференция өттү

Эл аралык иш-чарада экологиялык укуктарды сот аркылуу коргоо, эл аралык тажрыйбаны улуттук соттук практикага киргизүү жана жаратылыш ресурстарын сактоо маселелери талкууланды. Бул тууралу Жогорку соттун басма өз кызматынан кабарлашты. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Бельгиянын жана Түштүк Африканын сот тутумдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер жана экологдор катышышты. Жогорку соттун төрагасы

Ишкер Media
“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

“Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү — 2026” белгиленди

16-октябрда Кыргыз улуттук агрардык университетинде Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнүнө арналган “Агроазык-түлүк тармагындагы инновациялар күнү - 2026” иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Иш-чараны БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы

Ишкер Media