Темир Сариев Кытай менен 100 биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады
Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бүгүнкү инвестициялык форумда Кыргызстанда 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүүнү сунуштады.
Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын негизги демилгеси — соода мамилелеринен жаңы баскычка, тагыраагы, биргелешкен өндүрүш жана өнөр жай кызматташтыгына өтүү.
"100 меморандум, 100 ниет протоколу эмес, 100 чындап иштеп жаткан ишкана" - деп белгиледи Темир Сариев.
Анын айтымында, мындай ишканаларды түзүү инвестиция жана заманбап технологияларды тартууга, миңдеген жумуш орундарын түзүүгө, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жана ата мекендик өндүрүмдөрдүн экспортун көбөйтүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, Соода-өнөр жай палатасынын алдында кыргыз-кытай өнөр жай кызматташтык борборун түзүү демилгеси көтөрүлдү.



