Жапониялык студенттер Жогорку Кеңештин иши менен таанышты
Жогорку Кеңештин депутаты Карим Ханжеза Кыргыз-жапон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун (KRJC) көмөгү менен Кыргызстанга келген Жапониянын студенттери жана ыктыярчылары менен жолугушту.
Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, коноктор Жогорку Кеңештин имаратын кыдырып чыгышты. Эл өкүлү депутаттардын ишмердүүлүгү жана мыйзам чыгаруу тууралуу айтып берди.
Өз кезегинде Жапониядан келген студенттер жана ыктыярчылар өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жоопторду алышты.
Карим Ханжеза мындай жолугушуулар жаштар жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, маданиятты таанытууга жана эки өлкөнүн достук байланыштарды чыңдоого өбөлгө болорун белгиледи.




