Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди.
Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.
Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.


