Кыргызстан менен Пакистандын лидерлери Ала-Арчадагы этномаданий программа менен таанышты

Кыргызстан менен Пакистандын лидерлери Ала-Арчадагы этномаданий программа менен таанышты

Президент Садыр Жапаров жана Пакистандын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шариф бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында улуттук каада-салттарга жана маданиятка арналган этномаданий программа менен таанышты.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, делегация башчылары үчүн орто кылымдардагы көчмөндөр маданиятынын стилинде жасалгаланган "Кыргыз айылы" көргөзмө комплекси уюштурулду.

Конокторду добулбастардын коштоосунда төкмө акындар, зоот кийген баатырлар жана улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Пакистан делегациясына кыргыздын улуттук тамак-аштары жана кол өнөрчүлүк буюмдары көрсөтүлдү. Анын ичинде килем жана шырдак жасоо, боз үйдүн бөлүктөрүн даярдоо, кылыч жана айбалта жасоо өнөрү тааныштырылды.

Ошондой эле "Кайбар" элдик-фольклордук ансамбли Кыргызстандын жана Пакистандын элдеринин музыкалык чыгармаларын, дүйнөлүк классиканын үлгүлөрүн аткарды.

Меймандарга алгыр куштар жана тайгандар менен аңчылык кылуу өнөрү көрсөтүлүп, улуттук бийлер тартууланды.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media