Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы Элчиси болуп дайындалды

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Кореядагы Элчиси болуп дайындалды

Мэлис Мамадалиев Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, дайындоо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 71-беренесине ылайык жүргүзүлдү.

Буга чейин Президенттин Жарлыгы менен Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аида Исмаилова кызматынан бошотулган.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Манас шаарындагы №5 мектеп кеңейтилип, окуучулар үчүн шарттар түзүлүүдө

Манас шаарындагы №5 мектеп кеңейтилип, окуучулар үчүн шарттар түзүлүүдө

Манас шаарындагы Б.Осмонов атындагы №5 мектептин жаңы кошумча имаратынын курулушу дээрлик аяктап калды. Бул тууралуу калаа жетекчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Жаңы корпус 375 окуучуга ылайыкталып, имаратта окуу жана эмгек класстары, компьютердик класс, лабораториялар, химия, биология жана физика кабинеттеринен тышкары ашкана, китепкана, спорт аянтчасы жана жыйындар залы болот. Долбоор

Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет

Бишкектеги жаңы автобекет ушул айда пайдаланууга берилет

Бишкектеги жаңы автобекет сентябрь айында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев автобекеттин курулуш иштеринин жүрүшү жана объекттин даярдыгы менен таанышты. Учурда курулуш иштеринин 95%ы аткарылды. Ички жасалгалоо иштери толугу менен аяктап, асфальт төшөө жана аймакты көрктөндүрүү иштери калды.

Манас шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон курулуштар алынды

Манас шаарында жөө жүргүнчүлөргө тоскоол болгон курулуштар алынды

Манас шаарында Ботбаев көчөсүндө курулуп жаткан тротуарга тоскоолдук жараткан өз алдынча курулган үч чарба курулушу жана бир дубал буздурулду. Калаа жетекчилигин басма сөз кызматы билдиргендей, иштер жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле жанжолдун курулушун үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн аткарылды. Шаар аймагында тургундардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иштер мындан ары да

Борбордо №88 мектептин 500 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында

Борбордо №88 мектептин 500 орундуу жаңы имаратынын курулушу аяктоо алдында

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы №88 жалпы билим берүү мектебине 500 орундуу жаңы окуу имараты курулуп, учурда иш аяктоо алдында турат. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ал заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу мекеме болот. Анын жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт. Долбоордун алкагында окуучулар