Азат Токтомбаев: “Көзүм көрбөсө да ишкерликте өз жолумду таптым”
Бир кезде өз алдынча көчөгө чыгууга батына албаган Азат Токтомбаев бүгүн “Рахмат” аттуу өзүнүн бренддик батончиктерин чыгарып, Кыргызстандын эко-дүкөндөрү менен жарманкелеринде ийгиликтүү сатууну жолго коюп келет. Ошону менен катар ал профессионалдык спорт менен машыгып, көрүүсүнөн ажыраган жарандарга смартфон жана компьютерди колдонгонду үйрөтүп, алардын коомго аралашуусуна да чоң салым кошууда.
Азат Токтомбаев – тоскоолдуктарды мүмкүнчүлүккө айланта билген, жашоого позитив менен караган жана өз мисалы аркылуу башкаларга үмүт, ишеним жараткан адам.
Төмөндө аны менен болгон кызыктуу маекти сунуштайбыз.
– Өзүңүз жөнүндө кыскача айтып берсеңиз.
– Мен Ысык-Көлдүн Түп районунан болом, бир үйдүн жалгыз баласымын. Учурда 33 жаштамын, келинчегим жана кичинекей кызым менен Бишкекте турабыз. Көзүм тубаса көрбөйт, апамдын 9 бир тууганынан төртөө да көрбөйт. Азыркы учурда спорт менен машыгып, көзү азиздерге смартфон, компьютер колдонгонду үйрөтүп, андан сырткары чакан ишкерлик менен алектенип келем.
– Ишкерликке кантип келип калгансыз?
– Кичинемден эле ишкерликке кызыкчумун. Мектепте окуп жүргөндө SIM-карталарды алып келип сатып, андан кийин студент кезимде телефондорду алып сата баштагам. Көлдө жүргөндө да жер иштетип, түшүмүн сатып, өзүмдү айыл чарба тармагынан да сынап көрдүм. Бирок, мунун баарын жакындарымдын көмөгү менен жасачумун.
2015-жылы Бишкек шаарына келип, атайын көзү азиздерге арналган реабилитациялык курста окуп калдым. Төрт айлык курста таяк менен басуудан баштап, тамак-аш жасоону, өзүмдү тейлөөнү, ал түгүл компьютер-смартфондорду колдонууга чейин үйрөндүм. Ошондо кадимкидей “өз алдымча бир нерсе кыла алам” деген ишеним пайда болду. Ага чейин жада калса бирөөнүн көмөгүсүз көчөгө чыга алчу эмесмин.
Эми өз алдымча бир нерсе жасап көрөйүн деп чечтим. Ошентип, 2016-жылы кышында кофени (3в1) термоско куюп алып, Дордой базарын аралап сата баштадым. Кудайга шүгүр жаман болгон жок. Кийинчерээк, чемичке, сагыз, салфетка өңдүү майда-барат нерселерден баштап, тамак-ашка чейин сатып калдым.
2019-жылы өзүмдү өндүрүштүк багытта сынап көрсөмбү деп ойлоно баштадым. Спорт менен машыгып жүрүп, спортсмендердин көпчүлүгү узун аралыкка чуркап же велосипед тээп баратканда энергия түгөнүп калбаш үчүн атайын батончиктерди жешкенин көрдүм. Бирок, бардыгы эле чет өлкөнүн продукциялары. Кичинекей эле батончиктердин баасы кымбат, бирок даамдары анча эмес. Бизден деле ушундай чыгарса болбойбу деп ойлонуп жүргөнүмдө, эбепке себеп болуп бир россиялык тааныш эже “батончик жасап сатып көрбөйсүңбү” деген сунушун айтты. Өзүм дагы батончиктердин жасалуу жолдорун интернеттен издеп, кызыга баштагам. Бизге ашкана сабагынан берген реабилитациялык борбордун директору дагы батончиктерди түрдүү жер-жемиштерден жасасаң болот деген кеңешин айтып калды.


Башында үй шартында эле 2000 сомго азык-түлүк алып, эт майдалагычтын жардамы менен жасай баштагам. Интернеттен карап, өзүм түзгөн рецепттин негизинде жасагандыктан кээде бир нерсеси аз же көп болуп калган учурлар болуп жатты. Акыры нормалдуу рецебин таап алдым. Атайын технолог менен кеңешип анан ал мага рецебимдин негизинде сертификат жасап берди. Жылдын аягында ижарага имарат таап, бир аз керектүү жабдууларды алып кирише баштаганда пандемия башталып кетип жумуш токтоп калды.
-Кайра кантип улантып кеттиңиз?
-Пандемиядан кийин ачпай эле койсомбу деген ойлор болду. Бирок, ошол кезде коомчулукта таза тамактануу, сергек жашоо боюнча тенденция күч алып, табигый таза азыктарды өндүрүү тармагы өнүгө баштаган. Ошондон улам, балким менин да өз кардарларым табылат деген ойдо 2023-жылы батончик жасоону кайра колго алдым.
Ошол эле жылы бир жарманкеде Enaсtus Kyrgyzstanдын өкүлдөрү батончиктерди көрүп, “Азыр бизде конкурс өтүп жатат, долбоор жазып көрбөйсүңбү”, деп сунушташты. Ошентип, алардын “Жаш табышкер” конкурсуна долбоор жазып өтүп кеттим. Анан кайрадан атайын жай таап, керектүү жабдууларды алып кайра иштете баштадым.
-Ар бир иште кыйынчылыктар болот да. Сизде кандай тоскоолдуктар болду жана аларды кантип жеңдиңиз?
-Бир иш баштаганда болобу же жумушка орношууда болобу, негизи эле жашоодо биз сыяктуу көзү азиздер кадимки адамдарга караганда көбүрөөк аракет кылуубуз кажет. Мисалы, жөнөкөй адам бир нерсени 20% аракет менен жасаса, бизге ошол ишти 40-60% күч менен жасоого туура келет. Башкалардай эле билип турсак деле бизди жумушка алышы кыйын. Себеби, бизге ишене беришпейт. Жумушка алган күндө да биз кадимки адамдардан көбүрөөк жыйынтык көрсөтүшүбүз зарыл.

Анын сыңары ишкерлик баштаганда да көп тоскоолдуктар болду. Санитардык китепче алганы поликлиникага барсам: “Сенин көзүң көрбөсө кантип жасайсың? Колуңду күйгүзүп же эт туурагычка туурап аласың да. Сага бере албайбыз”,- дешти. Мен кайра-кайра барып, “Мына мындай батончиктерди жасайм”,- деп далилдеп жатып алдым. Коомчулук деле мүмкүнчүлүгү чектелген ишкерлерге көнө элек. Ошондуктан мамлекеттик органдарда иштегендер деле, “Эгер уруксат берсем, эртең кандайдыр бир туура эмес иш болсо мен жооп берип калбаймбы?”-деген чоочулоо болот окшойт.
Салык кызматына жеке ишкерликти каттатуу (ИП), отчет тапшыруу, сертификациядан өткөрүү сыяктуу бардык документ иштерин өзүм бүтүрдүм. Бир чети ишкерлик кылууда биз үчүн кандай кыйынчылыктар жана мүмкүнчүлүктөр бар экенин өзүм аралашып билгим келди.
Батончиктерди сатуу жагынан кыйынчылыктар болду. Кадимки дүкөндөргө алып барсаң бул бизден өтпөйт деп алышпайт. Азыр баары эле соцтармактарды активдүү сатуу тармагы катары пайдаланышат эмеспи. Бирок, социалдык тармактарды өнүктүрүү жагы мага кыйын болду. Өзүм деле тартып чыгара берем, бирок визуал жакшы болбой калат. Ошондуктан атайын SMM адистери менен иштешем. Бирок, үзгүлтүккө учурап калгандыктан, ал жактан азырынча көп кардар таба элекмин.
Ошентсе дагы туруктуу кардарларыбыз бар. Дүкөндөрдө батончиктерибиз түгөнүп калса эле издеп чалышат. Андан сырткары продукцияны жасап чыгаргандан кийин ал сатылып акчасы келгенге чейин айланма каражат жок болуп, ижара акысы, жумушчулардын акысы деген каржы кыйынчылыктары болуп атты. 2023-жылдан бери байкап көрсөм, акырындан болсо да жылыш болуп жатат. Ошого шүгүр келтирем.
- Батончиктерди кандай азыктардан жасайсыз жана башкалардыкынан эмнеси менен айырмаланат?
- Батончиктерди өрүк, алма, алмурут сыяктуу кургатылган мөмө-жемиштерден жана түрдүү жаңгак, мейиздерден жасайм. Кээ бир түрлөрүнө бал кошулат. Эч кандай химиялык кошулмаларсыз, жалаң гана табигый, натуралдуу азыктар менен даярдалат. Менден кийин дагы батончик жасагандар көбөйдү. Алардыкынан айырмаланып сапатка абдан басым жасалат. Көпчүлүк башка батончик жасагандар экспорттон калган азыктардан жасаса, мен биринчи сорт азыктарды колдоном. Ошондуктан даамы да айырмаланып турат. Анан дагы курамында шоколад жок. Андыктан, күндүн ысык же суугуна карабай чөнтөккө салып алып жеп жүрүүгө ыңгайлуу. Бир жолу жеген адам кайра издеп келет.


-Цехиңиз тууралуу айтып берсеңиз. Азыр канча киши иштейт жана батончиктин канча түрү жасалат?
-Чакан цехибиз бар. Негизги дайыма бир киши иштейт, буюртмалар көп болгондо 2-3 киши иштейт. Башында болгону 2 түр батончик жасачубуз, азыр болсо 5 түргө жетти. Мен көбүнчө керектүү азыктарды алып барып берүү жана буюртмаларды жеткирүү иштерин жасайм.
Батончиктерибиз Бишкекте мурун 5-6 эко дүкөндөрдө сатылчу, бирок алардын көбү жабылып калды. Азыр “Fermamarket” жана “Айыл азыгы” деген эки дүкөндө гана сатылат. Кардарларыбыз көбүнчө спорт менен машыгып, ден соолугуна кам көргөн адамдар болгондуктан, кадимки дүкөндөрдөн көп өтө бербейт. Ошон үчүн эко-маркеттерде сатылат. Албетте, эко-магазиндердеги баалар бир аз кымбат, ошентсе дагы сапатка жана табигый курамга маани берген туруктуу кардарларыбыз бар.
Бир учурларда Россия жана Кореяда дүкөн иштетип жүргөн мекендештерибиз бизге буюртма берип ал жакка алдырып, сатып калышты. Бирок, азырынча чоң көлөмдө чет жакка экспорттоло элек. Сезон учурунда Чолпон-Атадагы дүкөндөргө алып барып сатам, ал жактан да жакшы өтөт.
Мындан тышкары, биз ар түрдүү жарманкелерге чыгабыз. Акыркы үч жылдан бери Президенттик балатыга катышкан балдардын белегине да жасап жүрөбүз. Мамлекет дагы атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоп, атайын продукцияларыбызды белек катары таратат. Тапкан кирешем азырынча чоң эмес, бирок Кудайга шүгүр, үй-бүлөмдү, өзүмдү жана 2-3 адамды жумуш менен камсыз кылууга жетет.
-Батончиктериңиздин аты өзгөчө экен. Эмнеге “Рахмат” деп койгонсуз?
- Батончиктерге “Рахмат” деп ат койгом, себеби “Сиздин ден соолугуңуз сизге рахмат айтат” деген ойдон шыктанып. Кээ бир кардарлар: “Рахмат менен батончиктин байланышы кандай? Бул атты спорт же энергия менен байланыштырса болбойбу?” – деп сурап калышат. Аларга: “Бул жерде бир нече “рахмат” бар. Биринчиден, ден соолугуңуз сизге рахмат айтат. Экинчиден, биз сатып алган кардарга рахмат айтабыз, ал дагы ден соолукка пайдалуу азык үчүн бизге рахмат айтат”,-деп түшүндүрөм.



Батончиктердин сырткы жасалгасын атайын жасаткам. Алдыда аны дагы өнүктүрүп, өзгөртүп, жакшыртуу пландарым бар.
-Үй-бүлөңүздөн кандай колдоо болду?
-Бул жакта келинчегим, кызым болуп турабыз, ата-энем көлдө жашашат. Албетте, баары эле колдоп турушат. Ата-энем менен сүйлөшкөндө дайыма: “Баягы батончиктериң эмне болуп жатат, өтүп жатабы?”- деп сурап турушат. Келинчегим айрыкча колдоп, кээде өзү дагы жасап, жардамдашат.
-Коомчулуктун атамекендик өндүрүшкө болгон мамилеси тууралуу айтып берсеңиз.
-Коомчулуктун атамекендик өндүрүштү колдоосу акырындык менен жакшырып келе жатат, бирок көпчүлүгү анын баалуулугун толук түшүнө элек деп ойлойм. Ошентсе да, жарманкелерге чыксак, кардарлар: “Булар магазиндерде жок го. Жарманкелерге келсек эле сонун нерселерди көрөбүз”, - деп батончиктерди сатып кетип жатышты. Жакында эле октябрда Айыл чарба министрлиги уюштурган жарманкеге да жалаң эле атамекендик өндүрүшчүлөр катышты. Мындай жарманкелер ишкерлерге бири-бири менен таанышып, тажрыйба алмашып, продукцияларын сатууга жана кардар базасын кеңейтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк түзүүдө.
- Сиз мугалим болуп да иштейм деп калдыңыз? Бул кесибиңизби?
- Жогорку окуу жайын Караколдон бүтүрдүм жана кесибим боюнча тарыхчы мугалиммин. Ал кезде компьютер, интернетти колдоно албасам да, лекцияларды калтырбай угуп, айтып берип жүрүп, университетти ийгиликтүү бүтүрдүм.
Кесибим менен иштейин деп Караколдогу 15 мектептин 7өөнө барсам, баары эле орун жок деп албай коюшту. Бирок тренинг-курсту бүткөндөн кийин ал жакта компьютер жана смартфонду көзү азиздерге колдонгонду үйрөтүп, мугалим болуп иштей баштадым. Бизге тубаса көрбөгөндөр, кийин көрбөй калгандар келишет. Кийин эле көрүүсү начарлап же таптакыр көрбөй калгандар телефонду мурдагыдай колдоно албай кыйналышат. Аларга атайын сүйлөө функциясы бар программалар аркылуу телефонду кантип колдонсо болорун үйрөтөбүз.
Мурда бир долбоордо окугандар жана ошол долбоордун директору менен 2017-жылы Кыргыз азиздер федерациясын түзгөнбүз. Азыр ошол федерациянын негизинде башкаларга жардам берип, окутуп келебиз. Кеңсебиз АУЦАда жайгашкан. Атайы көзү азиздер башка студенттер менен интеграцияланып, аралашсын деп ошол жакка жайгашканбыз. Бул алардын коомчулукка аралашып, социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берет. Студенттер да кызыгып келип, “Бул эмне кабинет?” деп сурашат, биз түшүндүрүп беребиз. Кадимки адамдар менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бири-бири менен аралашуусу эки тараптын да көз карашын өзгөртөт деп ойлойм.
- Мугалимдик жана ишкерлик менен катар спортко да убакыт табат экенсиз, ушул боюнча да айтып берсеңиз.
– Ооба, спорт менен да активдүү алектенем. Атайын профессионалдык спорттун бир түрү – триатлон менен машыгам. Триатлонго сууда сүзүү, чуркоо жана велосипед тебүү кирет. Ачык сууда сүзгөндүктөн биздин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн коштоочу спортсмен менен бирге сүзөбүз. Велосипед тебүүдө да 2 кишилик велосипедди колдонобуз, алдыда көргөн киши олтурат, чуркаганда да коштоп чуркашат. Азыр Кыргызстан курама командасындамын.


Кыргызстанда бул профессионалдуу спорт менен алектенген көзү азиздерден Жалалидин экөөбүз болдук. Алгач баштаганыбызда машыктыруучулар: “Силерге кантип сүзгөндү үйрөтөбүз, чөгүп кетесиңер. Анын үстүнө сууда сүзүүнү 7-8 жаштан башташ керек болчу. Силер карып калыпсыңар”,- деп бизди машыктыруудан баш тартып коюшкан. Ал кезде мен 23 жашта болчумун. Бирок артка кайтпай жүрүп, бул жаатта да кичинекей ийгиликтерди жарата баштадык.
Азыр ал машыктыруучулар бизди мелдештерге чакырып калышат. Ал кезде көзү азиздер үчүн атайын спорт федерациялары жок болчу, эми сууда сүзүү, жеңил атлетика, дзюдо жана велоспорт боюнча беш федерация түзүлгөн. Республикалык мелдештерде байгелүү орундарга илинип жүрөм. Былтыр, 2024-жылы, Японияда Азия кубогуна триатлон боюнча катышып, 3-орунду алдым.
– Соодада кызыктуу же эсте калган учурлар көп болсо керек?
– Ооба, ар кандай учурлар болот (күлүп). Бир жолу бир эже 200 сом ордуна 20 сом берип кетиптир. Биз акчаны кармаганда эле канча экенин билебиз да, бирок ал кезде эже кетип калыптыр. Андай учурларга капа деле болбойм. Базардагылар менен сүйлөшүп олтурсам, бизге караганда көзү көргөн адамдарды көбүрөөк алдап кетишет экен. Кээде тескерисинче, кардарларга ашкан акчасын кайрып берейин дегенче кетип калышкан болот.
Базарда кофе сатып жүргөндө мени мурда-кийин көрбөгөндөр таң калып: “Кантип куясың, толгонун кантип билесиң? Колуңду салып көрөсүңбү?”-деп сурай беришчү. Көзүбүз көрбөгөнү менен биздин башка сезүү жөндөмдөрүбүз жакшы өнүккөн да. Анын сыңары шербет жасап сатып жатсак кардарлар келип: “Өзүңөр жасайсыңарбы?”-деп сурашат. “Ооба”,-десек, көпчүлүгү “Азаматсыңар” деп бизге дем берип, сатып алып кетсе, айрымдары “Булар кантип, кандай шартта жасашат”, дегенчелик кылып кетип калышат. Деген менен жакшы адамдар көп.
Батончиктерди жеткирүүдө деле кызыктар болот. Алар кичинекей болгондуктан сумкама салып алып, коомдук транспорт менен эле жеткирип берем. Айрым кардарлар социалдык тармактар аркылуу буюртма кылып, “Бул жакка жеткирип берсеңиз” дешет, ал жакка баратсам кайра башка даректи айтып ошол жакка жеткирип берүүмдү суранып калышат. Барсам, “Сиз белеңиз? Убара кылган турбайбызбы. Айтып койсоңуз өзүбүз барып алып кетмек экенбиз”, - деп ыңгайсызданып калышат.
Кээде даректери да татаал жерлер болуп калат. Жеткирип барсам: “Бул жакты көзү көргөндөр араң табышчу эле, сиз кантип таап келдиңиз?”- деп таң калышат. Мындай учурлар мени чарчатпайт тескерисинче, өзүмө болгон ишенимди бекемдейт.
– Алдыга койгон максаттарыңыз, келечек пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз.
– Батончиктерден кийин табигый ширелерди (шербет) да жасап сатып көрдүк. Бирок ал жай мезгилинде эле жакшы өтөт экен. Көзү азиз окуучуларым менен бирге Орто-Сай базарында да көп сатып калдык. Алдыда буюрса чоңураак ишкана ачып, батончиктен сырткары дагы шербет жана башка ар түрдүү пайдалуу, экологиялык жактан таза азыктарды чыгарып, чет өлкөлөргө экспорттоо менин негизги максаттарымдын бири. Ал үчүн атайын жабдууларды сатып алып, өндүрүштү кеңейтип, бардык талапка ылайык документ иштерин да тактап алууну пландап жатам.
Эң башкы кыялым бул – инклюзивдүү ишкана ачуу. Башкача айтканда, ден соолугу чың адамдар менен мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бирге иштей турган шарт түзгүм келет. Тактап айтканда, башка компанияларга да “мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да башкалар сыяктуу иштей алышат” деген түшүнүктү жеткирүү – менин эң чоң максатым.
– Жаш ишкерлерге кандай кеңеш берет элеңиз?
– Азыр көпчүлүк жаштар миграцияны тандап, чет жакка иш издеп кетип жатышат. Мен болсо аларга өз өлкөңдө туруп деле ишкерлик баштоого толук мүмкүнчүлүк бар деп айтмакмын. Азыр мамлекетте мүмкүнчүлүктөр көп, айрыкча айыл чарба, органикалык азыктар багытында. Айылда туруп эле кичинекей бизнес баштап, бир нече адамды жумуш менен камсыздап жаткан жаштар бар.
Бирок, эң башкысы билим алуу кажет. Аздыр-көптүр тапкан акчаңды туура пайдаланууну, бирди эки кылуу үчүн деле билим керек. Анан дагы “Көп акча топтосом анан бизнес ачам” дегендерге “0дөн баштап деле бир нерсе жасоого болот” дегим келет. “Чегирткеден корккон эгин экпейт” дегендей, ишти баштай элек жатып корко берүүнүн кажети жок. Ар бир ийгилик – сабыр, тобокел жана аракет менен келет.
Ишкерлик бул жөн гана акча табуу эмес, бул – чыдамкайлык, жоопкерчилик, туура чечим кабыл алуу жана тобокелге бара билүү деп айтат элем.
Ишкерликти баштаганымдын дагы бир себеби бул – ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көпчүлүгү кайыр сурап жан багат деген стереотипти сындыргым келди. Кезинде базарда майда-чүйдө сатып жүрсөм кээ бирөөлөр “Убара болбой эле алдыңа коробка коюп кой да” дегендер болгон. Бирок мен алардын сөзүнө көңүл бурбай, өз эмгегим менен, өз күчүм менен акча табууну туура көрдүм.
Азыр ошол эле базарда отурган адамдар “Силерди көргөндө өзүбүзгө кадимкидей мотивация алабыз. Силер иштеп жатсаңар, биз эмнеге олтурабыз?” деп шыктанабыз деп айтып калышат. Мындай пикирлер мага албетте дем берет.
Эң кубанычтуу нерсе – мени көрүп, 10 чакты көзү азиз окуучуларым ишкерликке кадам таштап, базарда өз алдынча соода кылып жатышат. Бул – мен үчүн эң чоң сыймык.
-Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!