Александр Бочкин: "Санариптик кызматкерлер менен жасалма интеллект бизнес процессти 10-12 эсе ылдамдатат"

Александр Бочкин: "Санариптик кызматкерлер менен жасалма интеллект бизнес процессти 10-12 эсе ылдамдатат"

Процесстик аналитика технологиясын, жасалма интеллект жана санариптик кызматкерлерди колдонуу компанияларга бизнес-процесстерди бир нече эсеге ылдамдатууга жана чыгымдарды кыскартууга мүмкүнчүлүк берерин Operavix компаниясынын негиздөөчүсү Александр Бочкин Бишкекте өтүп жаткан ProcessTech X Kyrgyzstan процесс аналитикасына арналган биринчи конференцияда билдирди.

Анын айтымында, компаниялардагы бизнес-процесстердин көбү маалыматтык системалар аркылуу автоматташтырылганы менен, көптөгөн операциялар дагы деле кол менен аткарылат. Бул процесстердин өздүк наркынын өсүшүнө, операциялардын жай иштешине жана каталардын көбөйүшүнө алып келет.

Компаниянын негиздөөчүсүнүн сөзүнө караганда, эң чыгымдуу жана түйшүктүү участокторду аныктоо үчүн Task Mining технологиясы колдонулат. Иштөөчү станцияларга атайын модулдар орнотулуп, кызматкерлердин иш-аракеттери жана аларга кеткен убакыт автоматтык түрдө жазылып турат. Ушул маалыматтардын негизинде бизнес-операцияларынын шаблондору түзүлөт жана система кайсы процесстерди автоматташтыруу эң пайдалуу экенин аныктайт.

“Маалыматтарды чогултуу башталгандан эки жуманын ичинде компания бардык операциялардын толук сүрөтүн, алардын бөлүмдөр боюнча наркын жана автоматташтыруунун мүмкүн болгон экономикалык натыйжасын көрө алат”, — деп белгиледи ал.

Компаниянын маалыматына караганда, санариптик кызматкерлерге негизделген чечимдер банк секторунда, курулушта, сатып алууларда жана IT тармагында активдүү колдонулуп жатат. Айрыкча, каржы уюмдарында регуляторлордон келген сурамдарды иштетүү, капиталдык курулушту текшерүү, көп томдуу сметалык документтерди талдоо жана төлөм мөөнөттөрүн көзөмөлдөө автоматташтырылган.

“Кээ бир учурларда документтерди иштетүү ылдамдыгы дээрлик 12 эсеге жогорулады”, — деди ал.

Ошондой эле жасалма интеллект кадрларды тандоодо — техникалык маектешүүлөрдү талдоодо, талапкерлердин кесипкөйлүк көндүмдөрүн баалоодо жана HR-бөлүмдөрү үчүн сунуштарды түзүүдө колдонулат.

Александр Бочкин мындай технологиялар компанияларга операциялык чыгымдарды азайтууга, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, ал эми мамлекеттик сектордо — жарандардын арыз-даттанууларынын санын кыскартууга мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди